Кыргызстанда 5 өлкөдөн келген 169 качкын баш калкалайт

© Sputnik / Табылды КадырбековНадпись "Кыргызстан" на кыргызско-казахской границе. Архивное фото
Надпись Кыргызстан на кыргызско-казахской границе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качкын статусун алуу үчүн арыз жазган чет элдиктердин маалыматы алгач УКМК жана Терроризмге каршы борборго жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын аймагында 169 качкын баш калкалап жатканын Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Афганистандан 106 киши келсе, Сириядан — 50, Украинадан — 10, Ирандан — 2 жана Мароккодон — 1 адам келген. 

"Былтыркы жылы 176 чет элдик жарандан качкын статусун алуу боюнча 129 сунуш түшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме бул жарандар боюнча маалымат алгач УКМК жана Терроризмге каршы борборго жөнөтүлүп, алардын берген көрсөтмөсүнүн негизинде статус берүү боюнча процедуралар жүрө турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0