Россия жарандыгын алуу үчүн мектептеги бомба жөнүндө жар салган кыргызстандык кармалды

Жазылуу
Райондун прокурору ишти сотко өткөрдү. Ал эми кыргызстандык мигрант өз аракетин Россия жарандыгын алуу ниети менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россиянын Лев Толстой кыштагында жашаган кыргызстандык жаран мектепте жардыруу боло турганы тууралуу жалган маалымат бергенин Липецк облусунун прокуратурасынын сайтында айтылат.

Кылмыш иштин материалдары боюнча кыргызстандык мигрант мас болуп алып кыштактагы мектепке бомба коюлганы тууралуу муниципалдык кызматтарга 1-январда чалганы маалымдалды. 

Курулуш аймагындагы эмнек мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учурда чет жакта 700 миң кыргызстандык мигрант иштеп жүрөт
Прокуратура полиция кызматкерлери "телефон террорчусун" кармаганын билдирди. Ага Россиянын Кылмыш жаза кодекси боюнча айып тагылды.

Өз аракетин кыргызстандык көптөн бери Россия жарандыгын ала албай жүргөнүн, бул кадамы менен өзүнө көңүл бурдуртуу ниети менен түшүндүрдү.

Иштин иликтенишине райондук прокуратура көз калып, аны сотко жөнөттү. Мыйзамга ылайык, эми кыргызстандык жаранга 200 миң рубль өлчөмүндө айып пул же 480 саат кара жумуш чегерилет. Болбосо бир жылдан эки жылга чейин шарттуу түрдө эркинен ажыратылат. Мындан тышкары, бул сыяктуу мыйзам бузуу үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу же кара жумушка кесүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0