Красноярскидеги Достук үйүндө кыргыз элинин буюм-тайымы тартууланды

© пресс-служба ЗамандашМастер класс в Красноярске
Мастер класс в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ачылган мекемеде маданият тарыхы боюнча лекциялар окулуп, чет тилдер үйрөтүлүп, улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча мастер-класстар өтүп турары белгиленүүдө.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россиянын Красноярск шаарында Достук үйү ачылып, анда кыргыз элинин улуттук буюм-тайымдары коюлганын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Кыргыздын улуттук баш кийими Ак калпак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык этномодельерлер Москвада мөөрөй талашып жатат
Маалыматка ылайык, учурда Красноярскиде 159 улуттун өкүлү жашайт. Ачылган Достук үйүндө 30 улуттун кол өнөрчүлүгү, улуттук буюмдары тартууланган.

Аталган үйдө маданият тарыхы боюнча лекциялар окулуп, чет тилдер үйрөтүлүп, улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча мастер-класстар өтүп турмакчы.

Достук үйүнүн ачылыш салтанатына Красноярск крайынын губернатору, диаспора өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0