Красноярск шаарындагы мекендештер "Баары биздин колдо" аттуу фонд ачышты

© пресс- служба ассоциации "Замандаш"Россиянын Красноярск шаарындагы мекендештер "Баары биздин колдо" деген кайрымдуулук фондун ачылышында
Россиянын Красноярск шаарындагы мекендештер Баары биздин колдо деген кайрымдуулук фондун ачылышында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фонд оорулуу жана жардамга муктаж болгон мекендештерге өзгөчө жардам көрсөтмөкчү.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россиянын Красноярск шаарындагы мекендештер "Баары биздин колдо" деген кайрымдуулук фондун ачышканын "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кубанычтан жана сүйүнүүдөн чыккан көз жаш – балдардын кыялдары орундатылды
Аталган фонд Красноярск шаарындагы оорулуу жана жардамга мукташ кишилерге, өзгөчө мекендештерге жардам берүү максатында ачылган. 

Кайрымдуулук фонддун ачылыш салтанатына кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү турган менен чакырылган коноктор катышты.

"Кыргыз улуттук-маданий автономиясы" коомдук бирикмесинин чакан концерт уюштурду. Андан түшкөн каражат Новосибирск шаарында жашаган мекендештин сол колунун протези үчүн жумшалат.

Чет жакта жүргөн мекендештер муктаждарга жардам берип, кайдыгер карап четтөө турбоо керектигин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0