Москвадагы кыргызстандык 7 миллион рублин ууруларга алдырып жиберди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПачка рубль кармаран адам. Архив
Пачка рубль кармаран адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун полицияга билдиришинче уурулук Денис Давыдов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон.

БИШКЕК, 30 дек — Sputnik. Москванын батышында кыргызстандык жаранды тоноп кетишти. Бейтааныш адамдар жабырлануучуну токмоктоп жети миллион рублин алып коюшкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин корреспондентине Россиянын Москва боюнча ИИМнин башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмү билдирди. 

Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте акча уурдап кеткен 70 жаштагы пенсионер колго түштү
Полициянын маалыматы боюнча 29-декабрда саат 16.00 чамасында укук коргоо органдарына 40 жаштагы кыргызстандык кайрылган. Жабырлануучу бир күн мурда саат 18.00 чамасында белгисиз адамдар 7 миллион рублин тартып алганын билдирген. Уурулук Денис Давыдов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болуп, кылмышкерлер изин суутуп кеткен. 

Учурда Россиянын кылмыш кодексинин 161-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0