Россия 2016-жылы чет элдик жумушчуларга болгон квотаны 22 пайызга кыскартты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мигранттар. Архив
Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга виза менен келип иштеген чет элдик жумушчуларга болгон талап 20 пайызга кыскарды. Жаңырган жылдан тарта квота болгону 214 миң кишиге бериле турганын орус өкмөтү билдирди.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 2016-жылы Россияга виза менен келип иштей турган чет элдиктерге берилген квота быйылкыга салыштырмалуу 22,4 пайызга кыскарып, иштөө укугу болгону 214 миң кишиге бериле турганын орус өкмөтү билдирди.

"2016-жылы чет элдик 213 миң 929 кишиге иштөө үчүн квота берилет. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 77,6 пайызды түзөт", — деп айтылат орус өкмөтүнүн Twitterдеги баракчасында.

Банктын кассасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын акча которуусу 30 пайызга төмөндөдү
РФтин эмгек министрлигинин алдында түзүлгөн Ведомстволор аралык комитеттин баалоосу боюнча виза менен Россияга келип иштей турган жумушчулардын саны 20 пайыздан ашык кыскарды.

Маалыматка ылайык, профессионалдуулук керек болгон кызматтарга талап бар. Квалификациялуу жумушчулар 2016-жылы талап кылынгандын 94,7 пайызын түзөт. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда виза режими жок. Андыктан квотанын кыскарышы кыргызстандык мигранттарга таасир бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0