Россияда ымыркайды үйдүн чатырына таштап кеткен аял айып пул менен кутулду

© flickr.com / sabianmaggyЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26 жаштагы кыргызстандык келин август айында көз жарып, наристени Краснодардагы үйлөрдүн биринин чатырына таштап кеткен. Ымыркай оор абалда табылган.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Август айында жаңы төрөлгөн баланы үйдүн чатырына таштап кеткен Кыргызстандын жараны 20 миң рубль айып пул төлөө жазасына тартылганын облустун прокуратурасы билдирди.

Кичинекей баланын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Краснодарда кыргызстандык аял жаңы төрөлгөн ымыркайды үйдүн чатырына таштап кеткен
Краснодардын жашоочусу үстүбүздөгү жылдын 24-августунда таңкы саат 5.00дө көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырынан жаңы төрөлгөн ымыркай таап алган. Ал дароо полиция менен тез жардам кызматын чакырган.

Тергөө Кыргызстандын 26 жаштагы жараны 24-августка караган түнү үйдүн чатырында өз алдынча төрөгөнүн аныктап чыккан. Оор абалда калган келин баланы шейшепке ороп 12-кабаттын тепкичине таштап кеткен да, үйүнө кетип калган. Беш сааттан кийин табылган ымыркайдын саламаттыгына бир топ доо кеткени аныкталган.

Краснодардын райондук соту "Кооптуу абалдагы жаранды атайылап кароосуз калтыруу" беренеси боюнча жоопко тартылып, 20 миң рубль айып пул чегирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0