Тюмень облусунда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТюмень шаары. Архив
Тюмень шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 13-декабрына пландаштырылган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россиянын Тюмень облусунда кыргыз маданиятынын күндөрү өтө турганын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалында ретро тасмалар көрсөтүлөт
Маалыматка ылайык, 13-декабрда өтүүчү иш-чара аймактагы "Биримдик" коомдук уюмунун демилгеси менен "Биримдик. Ынтымак. Ырашкерлик" ураанынын алдында өтмөкчү. 

Уюмдун төрайымы Канзада Сманованын айтымында, иш-чара кыргыз элинин улуттук каада-салтын сактоо жана жайылтуу, өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоону көздөйт.

Программада волейбол жана улуттук оюн күрөш боюнча жолдоштук беттешүүлөр каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0