Пулково аэропорту менен ФСБ Орто Азия жарандарынан баш тартканы боюнча түшүндүрмө бербейт

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүПулково аэропорту. Архив
Пулково аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Санкт-Петербург шаарындагы аэропорт Орто Азия мамлекеттеринин жарандарын жумушка албай тургандыгы тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Пулково аэропортунун коомчулук менен байланышуу жана реклама кызматынын жетекчиси Игорь Лаптев Орто Азиялык жарандардын жумушка албай тургандыгы тууралуу чечимге түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Санкт-Петербург шаарындагы аэропорт Орто Азия мамлекеттеринин жарандарын жумушка албай турганын жарыялаган.

Аэропорт текшерүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош аэропортунда терактылардан улам жүргүнчүлөр кош көзөмөлдөн өтүүдө
Life78 басылмасы авиациялык коопсуздукту күчөтүүгө арналган жыйында Пулково аэропортун башкарган "Воздушные ворота северной столицы" компаниясы жумушка кабыл алуу боюнча чектөөлөрдү киргизе турганын жазып чыккан. Мында компания негизинен Орто Азия мамлекеттеринин жарандарынан баш тартып жатканы айтылган. Тыюу оозеки түрүндө экенин басылмага өздүк булак билдирген. Анын айтымында, башкаруу компаниясы жумушчулардын басымдуу бөлүгү Борбордук Азиялык жарандардан турган клининг ишканаларына эскертүү бере баштады. 

Пулково аэропортунун маалымат катчысы Маргарита Потехина абалга түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

"Комментарий берилбейт. Ушинтип жазып койсоңор болот", — деди ал.

Потехина айтканына башка эч нерсе кошумчалай албай турганын белгиледи.

Аэропорттун коомчулук менен байланышуу жана реклама кызматынын жетекчиси Игорь Лаптев да ошол эле сөздү кайталады.

"Бул маселеге эч кандай түшүндүрмө берилбейт", — деди ал.

Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча ФСБ башкармалыгынын алдындагы "ишеним телефонунун" кызматкери оозеки тыюу салуу ал буйрук катары кабыл алынбай турганын белгиледи. Андыктан, башкаруу компаниясы жеке ишкана болгондуктан, тыюу салууну ишке ашырууга да, же аткарбай коюуга да укуктуу.

"Бардык маалымат расмий сайтта жайгашкан", — деди кызматкер.

Ал эми Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча ФСБ башкармалыгынын нөөмөтчүсү алар түшүндүрмө бербей турганын, бирок тийиштүү маалыматты электрондук дарек же факс аркылуу сурам менен кайрылып алууга боло турганын белгиледи.

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ар кимдин колунан келет! Теракт коркунучун жоюу боюнча чалгынчынын кеңештери
Орто Азия — Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан республикалары кирген Борбордук Азиянын бөлүгү.

Шейшемби күнү ФСБ жетекчиси Александр Бортников Египеттен Санкт-Петербургду көздөй сапар алган A321 учагы терактыдан улам кыйроого учураганын билдирген. Буга байланыштуу президент Владимир Путин ТИМге терактыга тиешеси бар адамдарды издөө жана жазага тартуу боюнча жардам көрсөтүү өтүнүчү менен бардык өнөктөштөргө кайрылууну тапшырган. 

Россия жана советтик авиациянын тарыхындагы ири авиакырсык 31-октябрь күнү болду. Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургду көздөй учкан "Когалымавиа" компаниясынын Airbus-321 учагы Синай жарым аралында кыйраган. Мындан 217 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0