Москвада жетинчи кабаттан кулап кеткен Канайымга экинчи операция жасалды

Жазылуу
Үйүн жыйнатам деп чакырып, арам оюн ишке ашырууга аракет кылган жарандан качкан 20 жаштагы Канайым 7-кабаттан тайып, кулап түшкөн. Анын жамбаш сөөктөрү сынган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Абийирин сактайм деп жатып Москва шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жетинчи кабатынан кулап кеткен Канайым Абсамат кызына Сергей Боткин атындагы клиникалык ооруканада экинчи операция жасалды. Бул тууралуу Канайымдын апасы Гүлшан Матаева Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, операция ийгиликтүү өттү.

"Дарыгерлер кечээ экинчи операцияны жасашты. Кудайга шүгүр, ал ийгиликтүү өттү. Эми кызымды отургузуп көндүрөбүз деп жатат. Кулап түшкөндө анын жамбашы жана куймулчагы сынган", — деди ал. 

Зордукчудан кутулуу үчүн жетинчи кабаттын балконунан алтынчы кабатка түшөм деп тайып кулап кеткен Канайымга Москва шаарындагы Сергей Боткин атындагы клиникалык ооруканада операция жасалган. Биринчи операциясы үчүн 500 миң рубль керектелген. Дарыгерлер ага экинчи операция жасоо үчүн 300 миң рубль керектеле турганын билдиришкен. Бул максатта президент Алмазбек Атамбаев президенттин фондунан 300 миң сом жардам көрсөткөн

Зордукчудан качам деп 7-кабаттан кулап кеткен Канайымга КР президенти 300 миң сом жардам берди
Андан сырткары Россиядагы мекендештер дагы 117 миң рубль чогултуп бергенин "Москва KG" гезитинин башкы редактору Жылдыз Осмонова билдирди.

Каргашалуу окуя 19-сентябрда болгон. Үйүн жыйнатам деп чакырган жаран ал ишин аяктап калганда ага тийишип, арам оюн ишке ашырууга аракет кылган. Канайым андан качып, 7-кабаттын балконунан алтынчы кабатка секирем деп колу тайып, жерге кулап түшкөн. Ал дароо жерге түшпөй, бак-дарактын үстүнө түшүп, омурткалары жана жамбашы сынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0