Жыл башынан Кыргызстанга 187 качкын келди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан Казакстан чек арасы. Архив
Кыргызстан Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш паанек сураган 172 адамдын арызы каралып, анын 18ине качкын статусу берилди. 104 адамдын арызы канааттандырылган жок, дагы 50 чет элдиктин ишин кароо токтотулду.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында Кыргызстандын аймагына бардыгы болуп 187 качкын келгенин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Чек арадагы Кыргызстан жазуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөгө этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан келген
Маалыматка ылайык, Афганистандан 114, ал эми башка мамлекеттерден 73 жаран качып келген. Анын 166сы баш паанек сураган.

Баш паанек сураган 172 адамдын арызы каралып, анын 18ине качкын статусу берилди. 104 адамдын арызы канааттандырылган жок, дагы 50 чет элдиктин ишин кароо токтотулду.

Мындан тышкары, 64 качкындын документи кайра каттоодон өтүп, тастыктамасынын мөөнөтү узартылган. Муну менен бирге 22 качкынга тастыктама жана 276 чет элдик жаранга качкын статусун берүү боюнча сунушу катталгандыгы тууралуу күбөлүк ыйгарылып, 138 күбөлүктүн мөөнөтү узартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0