Өлкөгө этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан келген

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арадагы "Кыргызстан" жазуусу. Архив
Чек арадагы Кыргызстан жазуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар негизинен Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынан орун алып, жер иштетет. Мындан тышкары, курулуш жана базарда иштеп жан багат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанга 37 миң 454 этникалык кыргыз келгенин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Кемпирдин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Четтен келип, четке чыгып калган кыргыздар
Маалыматка ылайык, алардын басымдуу бөлүгү — 19 миң 791и Өзбекстандан келген. Тажикстандан 17 миң 424 этникалык кыргыз келсе, Россиядан 36, Кытайдан 71, ал эми башка мамлекеттерден келгендердин саны 29га жетти.

Алар негизинен Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынан орун алып, жер иштетет. Мындан тышкары, курулуш жана базарда иштеп жан багат.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанга келген этникалык кыргыздардын 1158ине кайрылман статусу берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0