Депортацияланып келген 6212 кыргызстандыкка жасалма паспорт берилген

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүДепортацияга алынган жарандар. Архив
Депортацияга алынган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда паспорттор депортацияланып келген жарандарга, ошондой эле мурда соттолгон, издөөгө алынган жана башка кылмыштуу иштерге байланышкан адамдарга аты-жөндөрүн өзгөртүү менен берилгени аныкталган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. 2012-жылдан 2014-жылга чейин чет мамлекеттерден депортацияланып келген 6212 кыргызстандыкка мыйзамсыз паспорт берилгенин Ички иштер министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, паспорттор депортацияланып келген жарандарга, ошондой эле мурда соттолгон, издөөгө алынган жана башка кылмыштуу иштерге байланышкан адамдарга аты-жөндөрүн өзгөртүү менен берилген.

ФМК: 1, 5 жылда мигранттардын жасалма документтери эки эсе азайган
Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн натыйжасында бул мыйзамсыз ишке Социалдык фонд жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экени аныкталган. 

Учурда Бишкекте мыйзамсыз паспорт алган 1949 жарандын ичинен 271нин паспорту жараксыз деп табылган. Аты-жөнү өзгөртүлгөн жарандардын көбү Россия жана Түркия мамлекеттеринен депортацияланып, аталган өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынган. Ушуга байланыштуу алар паспорт алмаштыруу үчүн Каттоо кызматынын шашылыш документ берүү бөлүмүнө кайрылышкан. Аталган бөлүмдүн кызматкерлери аларга 200-1500 долларга аты-жөнү өзгөртүлгөн жаңы паспортторду берип келишкен. 

Паспорту жараксыз деп табылган 271 жарандын айрымдары беш ирет аты-жөнүн өзгөрткөнү белгилүү болду. Анын сегизи издөөгө алынган жарандар экени аныкталды.

Аталган факт боюнча 11 кызмат адамына карата 24 кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0