Элчилик Россияга барган бала багуучулардын ишке орношуусун түшүндүрүп берди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБаланы кармаган аял. Архив
Баланы кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык иш берүүчүлөрдүн бала багуучуну жумушка кантип расмий алуу керектиги, бул үчүн кандай документтер талап кылынары жөнүндө суроосуна Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин вице-консулу Самат Токтоболотов жооп берди.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги КРден барган бала багуучуну кантип расмий ишке алса боло турганы жөнүндө айтып бергенин "Россия для всех" сайты кабарлайт.

Миграция боюнча кызматкери документ текшерүү кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эмгек мигранттар түрдүү сынактардан бошотулат
12-августтан тартып Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болду. Эми өлкөнүн жарандары Россияда патент албай эле иштей бергенге акылуу.

Россиялык иш берүүчүлөрдүн бала багуучуну жумушка кантип расмий алуу керектиги, бул үчүн кандай документтер талап кылынары жөнүндө суроосуна Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин вице-консулу Самат Токтоболотов жооп берди.

Анын айтымында, КРдин жараны Росияга учуп келгенден кийин миграциялык карта алат ("максаты" деген жерге "жумуш" деп көрсөтүлөт). Андан соң 30 күн ичинде каттоого туруучу жер тапкандан кийин РФтин аймагында 90 күн жүрүү укугуна ээ болот. 

Иш тапкандан соң, ал иш берүүчү менен жумушка жалдоо жөнүндө жарандык-укуктук келишим түзөт. 

Келишимге эки тараптын колу коюлуп, нотариус тарабынан тастыкталышы керек. Кол коюлган келишим менен болочок жумушчу жергиликтүү ФМК башкармалыгына барат. Жанында миграциялык картасы, каттоо барагы жана келишими болушу зарыл. Андан ары ФМК башкармалыгы каттоо мөөнөтүн келишимдин күчкө ээ мөнөтүнө чейин узартып берет.

Москва шаарындагы Кызыл Аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда мигранттардын укугун коргогон министрликтин өкүлчүлүгү ачылат
Жумушчу 13 пайыздан ашык эмес салык төлөшү үчүн, келишимдин мөөнөтү 183 күндөн жогору болушу керек. Андан соң ФМК башкармалыгы жумушчунун миграциялык картасына мөөр басып берет. 

Ошондой эле дипломат салыкты киреше алуучу төлөй турганын түшүндүрдү. Ал үчүн жумушчу иштеген жери боюнча салык инспекциясына барып ИНН (салык төлөөчүнүн тастыктоочу номери) алат. Жанында паспорту (эгер чет элдик паспорт болсо, анын нотариуста тастыкталган котормосу), миграциялык картасы, каттоо барагы жана жарандык-укуктук келишиминин көчүрмөсү болушу керек. Ал келишимдин негизинде тараптар ФМКга бардык документтерди тапшырат. Ошол мөөнөттөн тартып ал ишке кирише алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0