Европалыктар Европа биримдигинин өнүккөн өлкөлөрүнө көчүп кетүүдө

© AFP / Emmanuel DunandЕвропа Биримдигинин штаб-квартирасы. Архив
Европа Биримдигинин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калктын саны миграцияга жана табигый өсүш-азайышына жараша болот. 2015-жылдагы европа калкынын санын жана 2030-жылга карата божомолдоолорун жарыялаган Евростаттын маалыматтары миграция экономикалык жактан абалы начар өлкөлөрдөн бейкут өлкөлөргө карай жүрүп жатканын күбөлөйт.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Sputnik.Фактлар" долбоорунун алкагында Sputnik агенттиги Европада калк санынын өзгөрүшү жөнүндө маалыматты жарыялайт.

НАТО аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАТО ордуна ЕБ аскери келиши керек дейт европалыктардын үчтөн бири
Евростаттын маалыматына ылайык, Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө жана "эски" Европанын салыштырмалуу жарды өлкөлөрүндө (Португалия, Греция) калктын саны кыскарып баратат. Ошол эле учурда ЕБдин Франция, Швейцария, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрү үчүн калктын азайышына байланышкан коркунучтар жок.

Калктын саны миграцияга жана табигый өсүш-азайышына жараша болот. 2015-жылдагы европа калкынын санын жана 2030-жылга карата божомолдоолорун жарыялаган Евростаттын маалыматтары миграция экономикалык жактан абалы начар өлкөлөрдөн бейкут өлкөлөргө карай жүрүп жатканын күбөлөйт. Калкынын кыскарышы жагынан 2030-жылы Литва (- 24 пайыз), Латвия (- 18 пайыз) жана Болгария (- 10 пайыз) эң алдыда болот. Греция менен Португалияда калктын санынын азайышы 8 пайыз жана 6 пайыз болуп, азыртан эле бул өлкөлөрдүн экономикасына кесепетин тийгизүүдө.

"Sputnik.Пикирлер" долбоору тууралуу

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2014-жылы башталган. Долбоордун өнөктөшү — Британиянын белгилүү ICM Research изилдөө компаниясы. "Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт.

Калктын санынын өсүшү жагынан ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери жана эң артта тургандар жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0