Кара тизмеге кирген кыргызстандык бөлөк паспорт менен Москвага учууга аракет кылган

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүДомодедово аэропорту. Архив
Домодедово аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Паспорт текшерүү учурунда Ош аэропортунун көзөмөл пунктунан кармалган 47 жаштагы жаран буга чейин кара тизмеге кирип, анын Россияга кирүүсүнө тыюу салынганы аныкталган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россиянын Миграция кызматынын кара тизмесине кирген кыргызстандык жаран башка бирөөнүн паспорту менен Ош шаарынан Москвага учууга аракет кылган жеринен кармалганын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү паспорт текшерүү учурунда Ош аэропортунун көзөмөл пунктунан кармалган 47 жаштагы жаран буга чейин кара тизмеге түшүп, анын Россияга кирүүсүнө тыюу салынганы аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0