Депутат: кара тизмеден жөнөкөй мигранттар оңой менен чыга албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква шаарындагы жумушчу. Архив
Москва шаарындагы жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте депутат чет жердеги кыргызстандык мигранттардын укугун мамлекеттик деңгээлде коргоого убакыт жеткенин билдирди.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азранкуловдун парламентте учурда Россиядагы кара тизмеде турган кыргызстандык 77 миң адамдын ичинен 49 миңинин маселесин чечүү каралып жатат деген маалымат берди. ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов министрдин маалыматындагы бул сандар чындыкка дал келбейт деген пикирин айтты.

Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара тизмеден 20 миңдей кыргызстандык чыгышы мүмкүн
"Сиз айткандарыңыздын көпчүлүгү жалган болуп чыгып жатат. Бир эле мисал, дүйнөнү дүңгүрөткөн Тилек Батыров деген кыргыздын чемпиону, спортчу бала бар. Ал Россияда жашайт, бирок жарандыгын алган эмес. Светофордон кызыл түстөн өтүп кеткен үчүн кара тизмеге түшүп калып, жарым жылдан бери чыга албай келет. Атактуу делген, байланыштары бар делген чемпион чыга албай жатат, анан жөнөкөй короо шыпырган, курулушта иштеген мекендештер кантип чыгат деген ой болуп жатат. Мен сизге айтып коёюн, 49 миңдин кыркы чыга элек. Биз мигранттардын укугун мамлекеттик деңгээлде коргошубуз керек", — деди депутат.

Буга жооп кылган министр аларга расмий кайрылган 5000 адамдын жарымы кара тизмеден чыкканын айтты. 

"Расмий түрдө кайрылгандардын ичинен биз жарымынан көбүн чыгардык. Мен ар бир айткан сөзүмө жооп берип, далилдей алам", — деди министр. 

Депутаттын айтымында, учурда Россияда 500 миң мигрант болсо, алардын 80 миңге жакыны кара тизмеге кирип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0