Кыргызстандык мигранттар оору тууралуу баарынан көп билет

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМосквадагы мигранттар борборунун медкомиссиясына келгендер. Архив
Москвадагы мигранттар борборунун медкомиссиясына келгендер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга Кыргызстан менен Тажикстандан келген мигранттар башкаларга караганда оору жана аны дарылоо жолдору тууралуу көбүрөөк кабардар

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Кыргызстандан келген мигранттар ар кыл оору, алардын жугузуп алуу жана дарылоо жолдорун башкаларга караганда жакшы биле турганын "Мигранттар үчүн саламаттык сактоо: көйгөйлөр жана алардан чыгуу жолдору" аттуу пресс-конференцияда Миграциялык изилдөө борборунун директору Дмитрий Полетаев билдирди.

Анын айтымында, Москвадагы мигранттар ден соолугу тууралуу көп айтпайт.

"Алардын көпчүлүгү өз жеринде дарыланууну туура көрөт. Мигранттар россиялык ооруканаларга шашылыш кырдаалда гана кайрылышат", — дейт директор.

Полетаев 2014-жылы өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, мигранттардын 57 пайызы ВИЧке анализ тапшырбагандыгын кошумчалады. Ал эми бул анализсиз жумушка орношууга мүмкүн эмес.

"Алар ВИЧ, кургак учук ооруларынын жугуу жолдорун билишпейт. Бул көйгөй өзгөчө өзбекстандык мигранттардын мисалында курч турат. Кыргызстан менен Тажикстандан келген мигранттар ар кыл оорулар тууралуу жетиштүү маалыматы бар. Сурамжылангандардын 10 пайызы флюорографиядан эч качан өтпөгөнү маалым болду", — дейт Полетаев.

РФ коомдук палатанын чет жерде мекендештерди колдоо жана коомдук дипломатияны өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрайымы Елена Сутормина Москвада медициналык камсыздандыруунун акысы 1,5 миң рублге төмөндөгөнүн билдирди.

"2012-2015-жылдардын аралыгында мигранттардын ишке орношууга алган патенттеринен 1,7 миллиард рубль киреше түшкөн. Бул каражат медициналык тейлөөгө жумшалат", — деди ал.

Сутормина ЕАЭБге кошулуудагы интеграциялык процесстер Россия жарандарынын ден соолугуна кооптуулук жаратышы мүмкүн экенин, андыктан мигранттардын саламаттыгын текшерүү үчүн тийиштүү процедураларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0