Эмгек министрлиги ЕАЭБдин жакшы жактары туурасында мигранттарга түшүндүрдү

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мигрант. Архив
Россиядагы мигрант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРден барган жумушчулар өзбекстандык же тажикстандык мигранттарга караганда Россия менен Казакстанда ишке орношууда артыкчылыктарга ээ болушат.

БИШКЕК, 8-июнь — Sputnik. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргызстандан чыккан мигранттардын Евразиялык экономикалык биримдикте артыкчылык укуктары туурасында дагы бир жолу түшүндүрмө берди.

Федералдык миграция кызматкери документтерди текшерип жаткан кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын өкмөтү Кыргызстан менен миграциялык режимди жеңилдетүүнү колдоду
Министрликтин маалыматына ылайык, республикадан сырткары жерлерде 600-700 миң кыргызстандык эмгек жана ишкердик аракеттерин жүргүзүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү – 500 миңден ашык адам Россияда иштеп жүрөт.

Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 26-бөлүмүндө аталган биримдикке мүчө өлкөлөрдө мигранттардын жашап иштешин жеңилдете турган бир катар преференциялар күчүнө кирет деп айтылган.

Мигранттар үчүн бериле турган преференциялар:

  • эмгек мигранттары үчүн ишке уруксат алууга квоталар жоюлат;
  • эмгек мигранттарынан ишке уруксат алуу талап кылынбайт;
  • мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөгө киргенден кийин отуз күн аралыгында ыйгарым органдарына барып каттоодон (келген жеринде эсепке алынуудан) бошотулат;
  • мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу туруу мөөнөтү иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишиминин мөөнөтүнө жараша аныкталат;
  • эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда өлкөгө киргенден кийин 90 күн өткөн соң дагы 15 күн ичинде мурдагы же жаңы иш берүүчү менен жаңы эмгек келишимин түзүүгө укуктуу;

Кыргызстандын мекемелеринен алынган билими туурасында документтерди таанууга кошумча тастыктоо процедуралары (нострификация) талап кылынбайт. Буга педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык багыттагы билими жөнүндө документтер гана кирбейт;

  • эмгек күнү (стаж) мигрант иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык пенсиядан башка бардык социалдык камсыздандыруулар үчүн жалпы эмгек күнүнүн эсебине кирет. Пенсия менен камсыздоо биримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы өзүнчө келишим аркылуу жөнгө салынат (мындай келишим азырынча жок, бирок маселе талкууланып жатат;
  • эмгек мигранты өзү иштеп жаткан мамлекеттин жарандары менен катар профсоюзга кирүүгө укуктуу;
  • мигранттардын балдары бала бакчаларга жана мектептерге барууга укук алат;
  • ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгекчилерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жергиликтүү жарандарга көрсөтүлүүчү шашылыш учурдагыдай эле, акысыз медициналык тез жардам алууга укук берилет. Калган учурларда иш берүүчү же мигрант өзү толтурган медициналык камсыздоо полиси болушу керек.

Мигранттар ЕАЭБ алкагында ишке орношуу жана орун которуунун жолдорун билгиси келет
Ошентип, КРден барган жумушчулар Россия менен Казакстанда ишке орношууда Өзбекстан менен Тажикстандан баргандарга караганда артыкчылык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. 

Жогоруда аталган шарттарга байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн кооптуу жагдай катары министрлик эмгекке жарактуу жарандар өлкөдөн РФ менен Казакстанга көп санда чыгып кетүү мүмкүндүгүн атады.

21-майда президент Алмазбек Атамбаев КРдин ЕАЭБге кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон. Биримдикке мүчө башка өлкөлөр азырынча келишимдерди ратификациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0