Россияда балды дары деп сатып жүргөн кыргызстандык "табып" кармалды

Жазылуу
Кармалуучу жабыр тарткандардын алтын буюмдарын да "тазалап берем" деп алып алган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Полиция кызматкерлери тарабынан алдамчылык кылды деген шек менен Кыргызстандын жараны кармалгандыгын Россиянын ИИМдин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Шаршемби күнү кечинде РФтин ИИМдин Биринчи май району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Оренбург шаарынын Биринчи май жана Бузулук райондорунун тургундарынан акча каражаттарын уурдоо боюнча алты кылмышка шектелген кыргызстандыкты кармашкан.

"Алдын ала тергөө иштеринин жана ыкчам издөө чараларынын жүрүшүндө алдоочулук кылган адам өзүн табыпмын деп, жабыр тартуучуларга "дем салып, дарылап" жүргөнү полиция кызматкерли тарабынан аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын ИИМдин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Сергей Конопактын айтымында, "дарылоо" учурунда ал ишенчээк жарандарга "дары май" салынган кичинекей идишти сатчу экен. 

"Болгону жегенге жарактуу уруктар аралаш бал салынган мындай банканын ар бири 5 миңден 15 миң рублга чейин турчу экен", — дейт Конопак.

Кармалуучу жабыр тарткандардын алтын буюмдарын да "тазалап берем" деп тартып алгандыгын билдирди маалымат кызматынын өкүлү.

"Ал колуна тийген алтынды жергиликтүү ломбардга өткөрчү. Келтирилген зыяндын суммасы 140 миң рублду түзөт", — деп баса белгиледи ал.

Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш жаза кобекчинин 159-беренсинин 2-бөлүгү ("Алдоочулук") боюнча кылмыш иши козголду. Шектелүүчүгө камакка алуу чарасы тандалып, учурда кылмыш ишин тергөө улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0