Россия өкмөтү Кыргызстандын жарандары үчүн миграциялык тартипти талкуулайт

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссия Өкмөтүнүн чогулушу. Архив
Россия Өкмөтүнүн чогулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документке ылайык, Кыргызстандын жарандары Россия аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстандын жарандарынын Россия аймагында каттоосуз 30 күнгө чейин жүрүүсүнө уруксат берген макулдашууну талкуулайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады. 

Ушундай эле тартип Кыргызстанга келген россиялык жарандарга да тиешелүү болот.

Россия аймагына кирген кыргызстандык мигранттарга 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимине кол коюлгандан кийинки каралган жеңилдиктердин бири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0