Сариев мигранттарды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМигранттар. Архив
Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын көпчүлүгү өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүн колдоп, аны менен бирге мигранттар үчүн жеңилдиктер болушун күтөт. Сариев бул багыттагы негизги ишти Эмгек жана миграция министрлиги аткарышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Россиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесиндеги" кыргызстандыктарды чыгаруу боюнча иштерди ыкчамдатуусу керектигин премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын 86 пайызы өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүн колдойт жана мигранттар үчүн жеңилдиктердин каралышын күтөт. Бул багыттагы негизги ишти Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги аткарышы керек. Аталган министрлик эмгек миграциясы боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү кажет экендигин премьер айтты.

"8-майда Москва шаарында тарыхый чечим кабыл алынды. Биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин башчылары менен аталган уюмга кирүү жөнүндө протоколго кол койдук. Биз биримдикке өнөктөштөрүбүз менен бирге кирип жатабыз", — деди Сариев.

Россия КР мигранттарынын кара тизмеден чыгышына кызыкдар
Өкмөт башчысы Кыргызстан өз кызыкчылыктарын коргой турганын жана биримдикке кирүүдө өзүнө милдеттерди ала турганын кошумчалады. Ошол эле учурда  көйгөйлөрүү маселелер боюнча ыкчам иштерди жасоо керек деди ал.

Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылы май айында Астанада ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге кол коюп, ал 2015-жылы 1-январда күчүнө кирген. Жыл башында бул биримдикке Армения да кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0