КР мигранттары Хабаровскидеги волейбол боюнча мелдеште коло медаль алышты

© Манас ДурусбековКР мигранттары Хабаровскидеги волейбол боюнча мелдеште коло медаль алышты
КР мигранттары Хабаровскидеги волейбол боюнча мелдеште коло медаль алышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймашка облустун өкмөтүнүн курама тобу, Хабаровскидеги курама тобу жана Кыргызстандын, Белоруссиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, КЭР жана КЭДРдин өкүлдөрүнөн турган топтор – бардыгы болуп сегиз команда катышты.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандык мигранттардан турган топ волейбол боюнча Хабаровскидеги өткөн эл аралык "Кызматташтык" турниринде үчүнчү орунду ээледи деп билдирет журналист Гүлназ Бакирова.

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына катышат
Анын айтымында, КРдин Ыраакы Чыгыштагы Ардактуу консулунун кубогу жана Хабаровск аймагынын өкмөттүк байгеси үчүн улуттук диаспоралардын эркектер арасындагы командалардын эл аралык таймашы дүйшөмбүдө болду.

Таймашка облустун өкмөтүнүн курама тобу, Хабаровскидеги курама тобу жана аймакта жашоочу Кыргызстандын, Белоруссиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, КЭР жана КЭДРдин өкүлдөрүнөн турган топтор – бардыгы болуп сегиз команда катышты.

"Оюндун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Хабаровскинин курама тобу, экинчини Белоруссия өкүлдөрү, ал эми үчүнчү орунду кыргызстандыктар алды", — дейт Бакирова.

Спорт таймашын Кыргызстандын консулдугу Хабаровск аймагынын өкмөтүнүн колдоосу менен Жеңиштин 70 жылдыгына арнап уюштурган.

Консул Кадырбек Мырзабаев уюштуруучулар бул иш-чараны салтка айландырып, жыл сайын өткөрүү ниетинде экенин жана бул Хабаровск аймагындагы эл достугун бекемдей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0