Түркиядагы кыргызстандыктар КВН ойношту

Жазылуу
Биринчи орунду Стамбулдун командасы ээлесе, Кожаелинин студенттери экинчи, ал эми Измирде окугандар үчүнчү болушту.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандык студенттер КРдин Түркиядагы элчилиги менен биргеликте Шайырлар жана тапкычтар клубунун турнирин өткөргөнүн "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

КВНдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасы КВНдын быйылкы сезонунун жарым финалына чыкты
КВН 2-майда Түркияда окуган студенттерден турган беш команданын ортосунда Кайсери шаарында өттү.

Студенттер үч конкурс боюнча таймашты: саламдашуу, видеоконкурс жана үй тапшырмасы. Видеоконкурстун темасы Кыргызстан деп аталып, оюндун катышуучулары мекени тууралуу айтып беришти.

Биринчи орунду Стамбулдун командасы ээлесе, Кожаелинин студенттери экинчи, ал эми Измирде окугандар үчүнчү болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0