Россиядагы кыргызстандыктар жеңиш күнүнө карата спорттук иш чараларды өткөрөт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүРоссиядагы кыргызстандыктар жеңиш күнүнө карата спорттук иш чараларды өткөрөт
Россиядагы кыргызстандыктар жеңиш күнүнө карата спорттук иш чараларды өткөрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда жашап жаткан кыргызстандыктардын демилгеси менен волейбол, футбол, мини-футбол боюнча спорттук иш чаралар Хабаровск, Красноярск жана Сочи шаарларында өтөт.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россиянын аймагында жашап жаткан кыргызстандыктар Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата спорттун бир катар түрү боюнча иш чараларды өткөрө турганын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Хабаровск шаарында волейбол боюнча эл аралык "Содружество" ("Шериктештик") кубогу ойнотулат. Ага эркектердин командалары катышып, Кыргызстандын консулунун жана Хабаровск аймагынын өкмөтүнүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган атайын сыйлыгы үчүн ат салышат.

Турнирдин уюштуруучулары иш чаранын максаты Хабаровск аймагында жашаган түрдүү улуттар ортосундагы достукту чыңдоо жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу экенин белгилешет.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө командалык сыйлык берилет. Команданын оюнчулары менен машыктыруучулар медалдар менен сыйланат. Аталган турнирди Кыргызстандын Хабаровск аймагында ардактуу консулу Кадырбек Мырзаев демилгелеп, уюштурууда.

Андан сырткары Красноярсктагы Сибирь федералдык университетинде 9-майда студенттер арасында мини-футбол боюнча "Манас" кубогунунун турнири өтөт. Бул турнирди Сибирь федералдык университетинде окуган кыргызстандык студенттердин "Манас" уюму уюштурууда.

Турнир ушуну менен алтынчы жолу уюштурулууда, жыл сайын Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүп келет. Бул турнирге түрдүү улуттагы студенттердин командалары катышат.

Ошондой эле, Сочиде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өтөт. Буга Россияда жашап жаткан түрдүү улуттардын диаспорларанан 15 команда катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0