Кулукеева: мигрант аялдар бала төрөөдөн коркот

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигрант аялдардын социалдык жана укуктук коргонуу деңгээли бир топ төмөн экенин аларга карата болгон турмуштук зомбулук факттары жана бөтөн жерде жашоого моралдык даярдыгы жоктугунан өзүлөрү жасап жаткан мыйзам бузуулар ырастайт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мигрант аялдардын басымдуу бөлүгү жаш-курагы ылайык келгенине карабастан, бала төрөөдөн коркот деп билдирди шейшембиде КРдин Россияда элчилигинин маалымат кызматчысы Айымкан Кулукеева.

Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 10 миңден ашык бала ата-энелердин камкордугунда эместиги аныкталды
Мигрант аялдардын социалдык жана укуктук коргоосуздук маселелери 18-апрелде Москвада өткөн "Азыркы замандагы аялдар. Кыргызстан аялдарынын Россияда жашоосу: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" эл аралык форумда талкууланганы белгиленди. Форум Сагина Миңдулатова жетектеген "Асылзат" демилгечил топтун күч-аракети аркасында КРдин РФтеги элчилиги менен кызматташтыкта уюшулду. 

Кулукееванын айтымында, иш-чарада Кыргызстандан келген мигрант аялдардын социалдык жана укуктук коргоо көйгөйлөрү, ошондой эле эне болуу жана балдар маселери талкууланды.

"Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын аягында РФте 200 миңден ашык кыргызстандык аял-кыздар бар болчу. Алардын олуттуу бөлүгү балалуу болууга ылайыктуу курактагылар, бирок иштин оордугунан жана аны жоготуп коюу коркунучунан көбү бала төрөгөндөн качышат. Ал эми медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу өнөкөт ооруларга алып келип, натыйжада аялдын организимине оор залакасы тийип жатат", — дейт маалымат катчы.

Форумда КРдин РФтеги элчилик өкүлү, "Аялдар бүткүл дүйөндөгү тынчтык үчүн" уюмунун евразиялык бөлүмүнүн төрайымы, Ольга Вакулинская, Бүткүл дүйнөлүк славян академиясынын академиги Любовь Мазурина, профессор, филология илимдеринин доктору Күлүпа Алиева, белгилүү табып, Россиянын технологиялык илимдер академиясынын мүч-корреспонденти Муллозухор Тохири, Москва клиниасынын гинекологу Гүлиза Бейшеналиева жана башкалар катышты.

Кулукеева өзү жасаган билдирүүдө эркектерге салыштырганда мигрант аялдардын социалдык жана укуктук коргонуу деңгээли бир топ төмөн экенин белгиледи. Буга аларга карата болгон турмуштук зомбулук факттары жана бөтөн жерде жашоого моралдык даярдыгы жоктугунан өзүлөрү жасап жаткан мыйзам бузуулар күбө.

"Ошондой эле жаш энелер өз балдарынан баш тарткан учурлар көп. Буга жыныстык жашоо жагынан кыздардын сабатсыздыгы, анын аркасында кокусунан кош бойлуу болуп калуу, бойдон түшүрүү үчүн жасаган кооптуу аракеттери, ошондой эле медициналык жана психологиялык колдоонун жокутугунан келип чыгуучу башка көп сандагы кыйынчылыктар себеп", — деп кошумчалады ал.

Мигранттардын Кыргызстанда калып жаткан балдарына байланышкан жагдайлар да өзгөчө көңүлдү талап кылат. Ата-эненин кароосу жок өсүп жатышы балдардын инсандык калыптандыруусуна терс таасир көрсөтүүдө. Ошол эле учурда мигранттардын Россиядагы балдары коомго аралашкан эмес, бала бакча, мектептерге барганга мүмкүнчүлүктөрү жок. 

Жолугушууунун жыйынтыгында катышуучулар ар кыл сунуштарды айтуу менен, мигрант аялдардын көйгөйлөрү боюнча кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0