Санкт-Петербургдагы КР жарандарынын 338и биометрикалык маалыматын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКалктын биометрикалык маалыматын чогултуу жараяны кызуу жүрүүдө. Архив
Калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жараяны кызуу жүрүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештердин биометрикалык маалыматтарын чогултуучу стационардык пункт Санкт-Петербургдагы Кыргызстандын башкы консулдугунда, курулуш обьектеринде, Россия ИИМдин университетинин жатаканасында орнотулган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандыктардын 338и биометрикалык маалыматтарын бергенин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Архив: Биометрикалык маалыматтарды чогултуу - Sputnik Кыргызстан
Биометриялык маалымат берүүнү РФтеги кыргызстандыктардын баары билбейт
Санкт-Петербург шаарында 23-марттан 30-мартка чейинки аралыкта дем алыш күндөргө карабай биометрикалык маалыматтарды чогултуу жүрдү. Ошондой эле кыргызстандыктар көп иштеген курулуш обьектери жана алар көп жашаган аймактар да кыдырылып, жарандардын биометрикалык маалыматтары жыйналды. 

Өкмөт быйыл күзүндө боло турган парламенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу кампаниясын баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0