Депутат чет элдиктерге берилүүчү квота сатылып жатат деген шектенүүсүн айтты

© Sputnik / Майя Машатина / Медиабанкка өтүүДворники-гастарбайтеры
Дворники-гастарбайтеры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын эки комитети тышкы миграция боюнча мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн талкуулап, депутаттар учурда чет элдик жарандарга квота берүүдө мамлекеттик органдарда коррупция орун алгандыгын айтышты.

БИШКЕК, 31-мар. – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров комитеттин миграциялык саясат боюнча жыйынында Кыргызстанда чет элдик жарандарга квота 12 миң адамга каралганы менен, учурда 468 637 жашап-иштеп жүргөндүгүн айтты. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

"Чет элдик жарандарга каралган квота 12 миңди түзүш керек деген менен, азыркы тапта алардын саны 468 637ге жетиптир. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги квоталарды чет өлкөлүк жарандарга 1 миң доллардан 2 миң долларга чейин сатып жатат деген маалыматтар бар. Ал эми визанын мөөнөтүн узартуу үчүн консулдук кызматтар 1000 доллардан каражат алып жатат деген сөздөр айтылууда. Ал эми жашап турууга укук алуучулардан мамлекеттик каттоо кызматы 5 миң долларга чейинки каражат алып жатыптыр. Бул айтылгандардын канчасы чын да, канчасы жалган чогуу олтуруп тактайлы", — деди депутат Максат Сабиров.

ЖКнын 31-мартта Социалдык саясат, Эл аралык иштер боюнча комитеттери биргелешип, тышкы миграция анын ичинде тышкы эмгек миграциясы жана чет жакта жашаган мекендештер боюнча мамлекеттик саясаттын аткарылышы жөнүндө маселени карады.

Жаңылыктар түрмөгү
0