Апрелде КРдин элчилиги Москвада Манастын эстелигинин тегерегинде ишембилик өткөрөт

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүИшембилик. Архив
Ишембилик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин кызматкерлери менен диаспора өкүлдөрү 18-апрель күнү 2012-жылы Достук сейил багында орнотулган Айкөл Манастын эстелигинин тегерегин тазалашат деп билдирди элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева.

БИШКЕК, 29-мар — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги диаспоралардын катышуусу менен 18-апрелде Манастын айкелинин тегерегинде ишембилик өткөрмөкчү деп билдирди элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева.

Анын айтымында, элчиликтин кызматкерлери менен диаспора өкүлдөрү 18-апрель күнү 2012-жылы "Речной вокзал" метросуна жакын жерде Достук сейил багында орнотулган Айкөл Манастын эстелигинин тегерегин тазалашат.

Элчиликтин демилгеси салтка айланып бара жаткандыгын белгилейт ведомствонун кызматкери.

"Достук сейил багында бул биз өткөрчү биринчи ишембилик эмес, жана ал жакшы салтка айланат деген ниеттебиз. Быйыл былтыркыдан көп мекендештерибизди чогултабыз деген ойдомун", — деди Кулукеева.

Өткөн жылы апрелде ишембиликке элчиликтин кызматкерлери, диаспора өкүлдөрү жана Москванын окуу жайларында билим алып жаткан студенттер – бардыгы болуп 250 кыргызстандык келген деп билдирди маалымат катчысы.

Жаңылыктар түрмөгү
0