Кургак учук боюнча абалга тышкы миграция таасир берип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание министерства здравоохранения Кыргызской Республики
Здание министерства здравоохранения Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы үч жылда 1,5 мигранттын ооругандыгын билдирди.

БИШКЕК, 11- мар. — Sputnik. Кургак учук боюнча республика ичиндеги эпидемиологиялык абалдын түзүлүшүнө сырткы миграция, тактап айтканда Россия менен Казакстандан ооруп, үйүнө келгендер таасир кылып жатат деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы. 

Акыркы үч жылда кургак учук менен сырттан келген 1 603 адам катталган. 

Былтыр өлкө ичинде кургак учук менен ооругандардын азайышы байкалган. Бул илдет менен 5 781 адам катталса, 2013-жылы 7 710 учур табылган. 

2015-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 54 пациентке эсептелген дарынын көп түрүнө туруктуу кургак учуктун түрү менен жабыркагандардын бөлүмү курулуп башталды. Медициналык жай Сауд Аравиясынын Кызыл жарым ай, КРдин Кызыл жарым ай улуттук коомунун жана Улуттук фтизиатрия борборунун ортосундагы макулдашуунун алкагында ишке ашууда. Объектти жайында бүткөндөн кийин, аталган борбордун балансына өткөрүлүп берилмекчи. 

2015-жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин, Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк Күнүнүн алкагында кампания өтөт. Иш-чараны өткөрүүнүн максаты коомчулукту, бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көңүлүн кургак учук көйгөйүнө буруу жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0