Депутат РФтин кара тизмесине кирген мигранттардын маселесин чечүүнү талап кылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМигранттар
Мигранттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте депутат Бакыт Төрөбаев Россияда кара тизмеге түшүп калган кыргызстандык мигранттардын маселесин Бажы биримдигине кирээр алдында чечүү зарылдыгын айтты.

Бишкек, 5-мар. — Sputnik. "Россияда иштеп жүргөндөрдүн ичинен 100 миң адам Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесинде турат. Бул маселени Бажы биримдигине киргенге чейин чечиш керек", — деп билдирди депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин отурумунда.

Анын айтымында, Россияда кара тизмеге кыргызстандыктардын саны 2012-жылы 15 миң, 2013-жылы 55 миң, ал эми 2014-жылы 100 миң адамга чукулдап барган. 

"Тизмеге кирген адамдар 5 жыл РФке кире албайт. Булардын тагдыры эмне болот? Биз 100 миңге жакын адамды Кыргызстанда иш менен камсыз кыла албайбыз. Биз Бажы биримдигине кирээр алдында Өкмөт тарабынан бул маселени чечүү жолдору каралдыбы, такталдыбы? Балким, ушул маселени так коюп, кара тизмеге киргендерге мунапыс берүүнү колдонобузбу. Эртең 2015-жылда алардын саны 200-300 миңге чыгып кетсе, эмне болобуз", — деп суроо салды Төрөбаев. 

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмырзаев

Sputnik маалымат сайтына берген маегинде бул жаатта ишти өркүндөтүү боюнча дагы жаңы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0