БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Россиянын Федералдык миграция кызматынын (ФМК) жетекчисинин орун басары Анатолий Кузнецов жарандардын суроолоруна Facebook социалдык тармагы аркылуу Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн тарта жооп берет. Бул тууралуу ФМКнын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.
Каалаган ар бир жаран бир саат ичинде кызыккан суроолорун берип, дароо жоопторун ала алат.