Россияда КРдин жарандары үчүн биометриялык маалымат топтоо жайлары ачылган

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота по сбору биометрических данных населения
Работа по сбору биометрических данных населения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда Кыргызстандын жарандары үчүн биометриялык маалымат топтоо жайлары ачылган. 2015-жылдын башына карата РФтин аймагында жашаган миңден ашуун адам биометриялык маалыматтарын тапшырды.

МКК: мигранттар да биометрикалык маалыматтарын тапшыра алат
БИШКЕК, 20-янв—Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүндө биометриялык маалымат топтоо жайы ачылды деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Мындай жайлар Москвада, Екатеринбургда жана Новосибирскте 2014-жылдын декабрында ачылган.

Sputnikтин кабарчысына Россияда КРдин элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдиргендей, 2015-жылдын 1-январына карата Москвада бардыгы болуп 400 адам биометриялык маалыматтарын тапшырган, ал эми Екатеринбургда 480,Новосибирскте 300 кыргызстандык аталган жайларга келип кеткен.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн биометриялык маалымат топтоо процедурасы күн сайын саат 09.00дөн 18.00гө чейин,ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүнөн башка бардык күндөрү жүрүп жаткандыгын айтышты.Биометриялык маалыматтапшырууга келгендердин КРдин паспорту (ID-карта, жалпы жарандык паспорт же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт)болушу керек.Биометриялык маалыматтарды топтоо акысыз жүрөт.

Москвада биометриялык маалымат тапшыруу жайын Большая Ордынка к., 64 дареги боюнча тапса болот; Екатеринбургда аталган жай Большаков к., 10;ал эми Новосибирскте — Красный проспект к., 220, корпус 2/350 дареги боюнча жайгашкан.

Кыргызстанда биометриялык маалыматтарды топтоо өткөн жылдын 28-августунда башталган. Биринчи эле күнү өз маалыматтарын премьер-министр, фракция башчылары, Жогорку Кеңештин вице-спикерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри тапшырган.Биометриялык маалымат топтоо үчүн жабдуулар менен камсыз кылууга тендерди Германиянын Giesecke &Devrient GmbH компаниясы утуп алган.

Биометриялык маалыматка бармактардын изи, санариптик сүрөт, электрондук жол менен коюлган кол кирет. Аталгандардын баары ар бир адамдын кайталанбай турган жеке маалыматтары болуп эсептелет. Топтолгондон кийин биометриялык маалыматтарды жасалмалоого болбойт, жана алар адамдын ким экендигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0