Россия миграциялык мыйзамды бузгандардын өлкөгө кирүүсүнө чектөө койду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМигранты
Мигранты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жарандар Россияда жүрүү мөөнөтүн так сактоосу кажет.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын өлкө аймагына кирүүсүнө чектөө киргизиле турганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Россиянын аймагына кирип, чыгуу жөнүндөгү миграциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга Владимир Путин 2014-жылдын декабрь айында кол койгон.

"Мыйзамга ылайык, Россиянын аймагында тынымсыз 180 суткадан көп, бирок, убактылуу жүрүү мөөнөтү бүткөндөн кийин 270 суткадан көп эмес жүргөн, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок кишилерге өлкө аймагына кирүүгө 5 жыл тыюу салынат", — деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.

Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн 270 суткадан ашырып жибергендер үчүн өлкөнүн чек арасы 10 жылга жабылат.

Кыргызстандын элчилиги Россия Федерациясына келип жаткан мекендештерди РФ мыйзамдарын так аткарууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0