РФ ФМК: кара тизмедегилерге мунапыс кылуу азырынча бекитиле элек

© Sputnik / Андрей Рудаков / Медиабанкка өтүүПроверка расселенного дома сотрудниками ФМС
Проверка расселенного дома сотрудниками ФМС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы "Паспорттук-виза сервис" ишканасынын директору Бакыт Эркинбеков кара тизмеге түшкөндөргө мунапыс берүү расмий түрдө бекемделе электигин айтты.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Россиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы "Паспорттук-виза сервис" ишканасынын директору Бакыт Эркинбеков мыйзамсыз мигранттарга мунапыс кылуу боюнча маалыматты тастыктаган жок.

"Учурда бизде Россиянын ФМКсынын кара тизмесине кирген мыйзамсыз мигранттарды андан чыгаруу боюнча маалымат жок. Бул балким, мигранттар арасындагы имиштер болсо керек. Муну тастыктаган же төгүндөгөн маалыматты Россиядагы жаңы жылдык эс алуу күндөрү аяктаганда, 12-январдан кийин, кесиптештерибизден алабыз", — деди Бакыт Эркинбеков. 

МКК: мигранттар да биометрикалык маалыматтарын тапшыра алат
Эркинбековдун маалыматында, өткөн жылдын акыркы кварталында КРдин 30 миңге жакын жараны Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине илинген.

Буга чейин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маалыматында "Замандаш" ассоциациясынын директору Майрамбек Жапанов Россияда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарына мунапыс берүү маселеси карала тургандыгын билдирген эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0