Эркинбеков: Россияда кийинки жылдан тарта мигранттар боюнча жаңы мыйзамдар иштеп баштайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов
Рейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда иштеген мигранттар үчүн жаңы жылдын 1-январынан тарта кандай талаптар коюлат, "кара тизмеде" жоктугун тактап алуу жана дагы бир катар жагдайлар туурасында Россиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы "Паспорттук-виза сервис" ишканасынын директору Бакыт Эркинбеков айтып берди.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Россиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы "Паспорттук-виза сервис" ишканасы Россия аймагына кетип жаткан мекендештерге өздөрүн "кара тизмеден" тактап алуу жолдорун сунуштайт. 

Бактыбек Аманбаев, Кыргыз Республикасынын омбудсмени. - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Аманбаев: 2015-жылы мигранттардын укугун коргоо иштерин күчөтөбүз
Учурда Россияга бараткан же камданып жаткандар өлкөгө кирүүгө уруксаты бар-жогу, эл арасында айтылып жүргөндөй "кара тизмеге" түшпөгөндүгү боюнча текшерүүдөн өтүшөт. Бирок аэропорттордо, темир жол бекеттеринде, жеке авиагенттиктерде "кара тизме" боюнча туура эмес маалыматтарды берип жаткан учурлар арбын. Анын кесепетинен Россияга барып алган жарандардын "кара тизмеде" экендиги чыгып калып, акчасы менен убактысын коротуп, кайра Кыргызстанга келгенге мажбур болууда. 

"Түзүлгөн мындай кырдаалдан улам, биз Россияга барам деген жарандардын баардыгы "кара тизмеде" жоктугун текшерип, анан жолго чыгуусун өтүнөр элек. Аталган кызматтын базасы Федералдык миграция Кызматы, Ички иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук Кызматтарынын маалыматтары менен күн сайын жаңыланып тургандыктан, ал жерден ыкчам жана так маалымат алууга болот. Алар бизге кайрылса, так айтып бералабыз. Жарандын кара тизмеде бар-жогу билүүсү үчүн болгону 20 мүнөткө жакын убакыт кетет жана маалыматтын так экендигине жүз пайыз кепилдик беребиз", — деди Кыргызстандагы "Паспорттук-виза сервистин" директору Бакыт Эркинбеков. 

Жаңы жылдан тарта РФ аймагындагы мигранттар мыйзамдуу жүрөм десе, патент салып алып иштей берсе болот. Бул Россиядагы жаңы мыйзамдардын алкагында киргизилген талап.

"Жаңы мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт жана ал визасыз эле кирип, чыга турган чет элдиктерге тиешелүү. Мыйзам боюнча мигрант патент алып, мыйзамдуу иштей алат. Патент чек арадан кирип келе жатканда толтурула турган миграциялык кагаздагы графага келген максатын "Иштөө" деп белгилегенде гана берилет. Ал бир жылдык жана бир эле жолу узартылат. Мигранттар Россия аймагында мыйзамдуу түрдө иштөөнү кааласа, медициналык камсыздандыруу баракчасы болушу зарыл. Андан сырткары орус тили, Россиянын тарыхы жана мыйзамдарын билүүсү боюнча тестирлөөдөн милдеттүү түрдө өтүүнү унутпашы керек", — деди Эркинбеков.

Учурда Кыргызстандагы аталган ведомство Россияга кетип бараткан мигранттар үчүн кызматтын жаңы түрүн сунуш кылууда. Ал жакка барып алып тил билбегендиктен документтерин толтурууда кыйналып, андан сырткары, документтерин бирөөлөргө кармата берип, же төлөгөн акчасынан, же документинен жок калган учурлар да арбын. Андыктан, аталган ведомство "коштоп жүрүү" деп аталган кызмат көрсөтүүнү ачкан. 

"Коштоочулук деп аталган кызматка – мигрант патенттин алууга арыз бергенден тарта (муну Бишкекте туруп деле жасаса болот) аны Москвадан же Москва облусунан алганга чейинки процесс кирет. Мындан сырткары, паспортту нотариуска кошо күбөлөндүрүп котортуп берүү кызматы көрсөтүлөт. Мунун баары мигрант менен түзүлгөн келишимдин негизинде жасалат жана кайсы кызматты колдоно тургандыгын ал өзү чечет", — деди Бакыт Эркинбеков.

Россиянын ФМКсынын Кыргызстандагы "Паспорттук-виза сервисинин" ишканасы Ош шаарында филиалын ачууну пландоодо. Ал жерде каалаган ар бир адам "кара тизмеде" бар же жоктугун билип, зарылдыкка жараша жогоруда айтылган кызматтардан пайдалана алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0