Жээнбеков баштаган парламенттик топ кыргыз диаспорасы менен жолукту

Жазылуу
Москадагы диаспора өкүлдөрү менен жолукканда Жээнбеков КРдин Бажы Биримдигине кирип, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу мигранттардын абалын жакшыртаарын айтты.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков жана депутаттар Москвадагы шаарында шаршембиде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту. Анда эмгек миграциясы, жумушка орношуудагы тоскоолдуктар туурасында маселелер көтөрүлдү.

Жээнбеков чет өлкөлөрдө иштеп жана окуп жаткан мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүүдө кошуп жаткан салымын баса белгиледи.

"Кыргызстандын Бажы Бирлигине кириши жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу эмгек миграциясына байланыштуу көйгөйлөрдү чечет", – деди спикер Жээнбеков.

Жолугушууда Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлиги өз милдетин жетиштүү деңгээлде өтөй албай жатат деген сындар айтылды. Миграция боюнча өзүнчө министрлик же агенттик түптөө сунушу да киргизилди. ЖКнын Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева аталган комитет миграция тармагында өзүнчө мекеме түзүү сунушун Өкмөт башчысына жолдогондугун маалымдады. Ошону менен катар Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлиги, Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүн Москвада ачуу сунушу айтылды. Кыргызстандын РФдагы элчиси Болот Жунусов белгилегендей, мындай демилге эки мамлекеттин ички иштер министрлеринин 10-ноябрга мерчемделген жолугушуусунда талкууланары күтүлүүдө.


Жаңылыктар түрмөгү
0