Кыргызстанда жумушсуздардын саны 100 миңге жакындады

Жазылуу
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жумушсуз деп каттоого алынгандардын саны 92 миңден ашкан. Бирок, адистер жумушсуздардын саны мындан да кыйла көп дешет.

БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги маалымдагандай, 92 миңден ашуун кыргызстандык жумушсуз деп каттоого алынган. Алардын 58 миңге жакыны мекеме-ишканаларга жумуш сурап кайрылган. Мындай жыйынтык, атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде чыгарылган.

Эмгек рыногундагы адистердин айтымында, бул көрсөткүч расмий маалыматтардан бир топ эле көп.

Белгилей кетсек, август айына алынган акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 700 миң кишиден ашты. Бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллионго жакын кыргызстандык чет мамлекетте эмгек миграциясында жүрөт. Ал эми расмий маалыматтарда 700 миңге чейин деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0