Кара тизмедеги КР жарандары Россия аркылуу транзит менен учушу мүмкүн

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив: Россиянын чек арасындагы паспорттук текшерүү
Архив: Россиянын чек арасындагы паспорттук текшерүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Федералдык миграция комитети кара тизмедеги Кыргызстандык студенттер үчүн транзиттик учуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдагандай, Россиянын Федералдык миграция комитети Россияга кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктардын Россия аркылуу транзит менен учууга уруксат берүү маселесин кароого даяр. Маалыматка ылайык, эгер кара тизмедеги кыргызстандык Белоруссияда окуп, ал жакка транзит менен учууга туура келсе гана мындай мүмкүнчүлүк каралышы ыктымал. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. 

Ошол эле учурда РФнын федералдык кызматы Кыргызстандын тиешелүү органдары аркылуу алдын ала кайрылуу керектигин билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0