Расмий маалыматтарда чет жакта 700 миңден ашык кыргызстандык иштейт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Люблинодогу "Москва" соода борборундагы мигранттарды полиция текшерүүдө
Архив: Люблинодогу Москва соода борборундагы мигранттарды полиция текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллионго жакын кыргызстандык чет мамлекетте эмгек миграциясында жүрөт. Ал эми расмий маалыматтарда 700 миңге чейин деп айтылат.. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Учурда Россияда 350 миңден 570 миңге чейин кыргызстандык бар. 

"Эксперттик-аналитикалык баалоо боюнча чет өлкөдө 350 миңден 700 миңге чейин кыргызстандыктар эмгектенет. Россиянын федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 1-сентябрга чейин Россияга 421,7 миң кыргызстандык жаран кирсе, 373,8 миң жаран өлкөдөн чыккан", — деп айтылат аталган билдирүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, кыргызстандык эмгек мигранттар эң көп болгон экинчи өлкө – Казакстан. 2013-жылдын декабрь айына алынган маалымат боюнча коңшу мамлекетте 85 440 кыргызстандык жаран расмий түрдө каттоого алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0