Өзгөн
Жылына миллиондоп
пайда көрүшөт

Бир шаарды баккан азыктын таржымалы
Өзгөн
Жылына миллиондоп
пайда көрүшөт
Бир шаарды баккан азыктын таржымалы
"Күрүч менен бала-чаканы үйлөнтүп, техника алып жатам, бүт тиричиликти ушуну менен өткөрөбүз" деди журналисттерди жайдары тосуп алган аксакал.
Өзгөн шаарынын Шералы айылынын тургуну Пазылбек Мойдунов 40 жылдан бери күрүч эгип келет. Ал элеттеги бардар адамдардын катарында турат.
Мойдунов өзгөндүктөрдүн көбү күрүч өстүрөт деген пикирге кошулбайт. Анткени түмөн түйшүгүнөн качкандар даяр турган жерлерин иштеткиси келбейт же күрүчтү базардан эле сатып алат. Дыйкандар кара жумуштан эмес, каражаттан качышат экен.
"Жери туруп иштете албагандар бар. Сатып жиберишет же жаз алдында ижарага беришет. Күйүүчү майга, үрөнгө, техникага, дарыга, талаа жумушчуларына акча көп кетет. Анан да өзгөн күрүчүн өзгөчө көңүл буруп өстүрүү керек", — деди дыйкан.
Мойдуновдун төрт гектар жеринен 10 тонна таза күрүч (тазалагандан кийин) чыгат. Эки тоннадайын эккенге алып калып, калганын сатат жана өздөрү жешет. Саткан күрүчтөн 1,5 миллионго чукул акча түшөт. Бирок анын жарымы чыгымдарга кетет. Калганына мал сатып аларын, уулдарына үй саларын айтат.
Кызыл күрүчтү сыртка
сатып баар тапкандар

Кызыл күрүчтү сыртка
сатып баар тапкандар


Ишкер Асылбек Күмөновдун компаниясы ири жүк ташуучу автоунаалар менен өзгөн күрүчүн чет мамлекеттерге ташыйт.
Асылбек Күмөнов
Ишкер
"Өзгөндүк досумдун туугандары Бишкекке өзгөн күрүчүн сатууга жиберип турат эле. Борбордо өтүп жаткандан кийин сыртка да сатса болот деп бул ишке кириштик. Өзгөн күрүчүн Россияга жиберүү боюнча келишим түзүүгө жетиштик. Жыл сайын ал жакка беш фура, кээде андан да көп күрүч кетирип турабыз. Жакшы киреше түшөт, бир фурасы үч миллион сомдон ашуун акча болот", — деди Күмөнов.
Бирок былтыр фермерлер пандемияга байланыштуу күрүчтү Украина менен Канадага жөнөтө албай калган.

"Биздин команда эл аралык рынокко чыгуу үчүн көп аракет жумшады. Биз өзгөн күрүчүн Россиядан тышкары Украина менен Канадага жөнөтүүгө макулдашканбыз. Бирок 2020-жылы кыргыз өкмөтү азык-түлүктү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары алып чыгууга чектөө койгон. Ошентип ири келишимдерден кол жуудук", — деди ишкер.
Бизнесмен Дамира Үмөтова Бишкекте өзгөн күрүчүн бир нече жыл мурда сата баштаган.
Дамира Үмөтова
Ишкер
"Күрүчтүн бул түрүнүн экспорттолуп жатканына аз эле убакыт болду. Ишкерлер менен фермерлер азыктын сапатын жогорулатуу боюнча иштешибиз керек. "Кыргызстанда жасалган" деген товарларды жайылтууга бийлик да кызыкдар болуп, шарттарды түзүп берсе жакшы болмок", — деди Үмөтова.
Өзгөн күрүчүн
баса албаган чет элдиктер

Өзгөн күрүчүн
баса албаган чет элдиктер

Өзгөн күрүчүнөн ашты бардыгы эле баса албайт дейт NAVAT чайкана тармагынын бренд-шефи Анвар Бабаджанов.
"Бизге өзгөн күрүчүн жеш үчүн келген адамдар аябагандай көп. Абдан даамдуу жана тоюмдуу тамактардын бири, көбүнчө эркек кишилер буюртма беришет. Даярдоонун сыры деле жок, эң негизгиси күрүч жана ага кошулган азыктар кайсы убакта бышып, даамына чыгарын билиш керек", — деди башкы ашпозчу.
Асылбек Куменов
Предприниматель
Бизнесмен Асылбек Күмөнов да өзгөн күрүчүн бышырып жегенди билишпейт деген ойду бекемдейт.

"Биз муну чет мамлекетке барганда байкадык. Ал жактагыларга биз басып берген өзгөн күрүчү абдан жакты. Бирок өздөрү бул күрүчтөн эмне жасаларын, кантип аш басышты билбейт экен. Анан баасы да кымбатыраак", — деген ал.
Күрүч эмнеге кызыл
же кантип өстүрүлөт?

Күрүч эмнеге кызыл
же кантип өстүрүлөт?

Күздүн октябрь айларында Өзгөндө шалы, тагыраагы, күрүчтүн сабагы орулуп бүттү. Биз барган маалда талаада иш кызуу жүрүп жатыптыр, жумушчулар бир мүнөттү да текке кетиргиси келбейт. Ошентсе да дыйкандардын бирин кепке тарттык. Маек берүүдөн баш тартып жаткан байке петличка кантип кийимине тагылып калганын билбей калды...
Талантбек Товокаловдон күрүч кантип өстүрүлөрүн сурадык. Иш жазында башталып, жайлата карап, багып, күзүндө оруп алышат экен.

"Күрүч өстүргөн жерлерди пал деп коюшат. Анын чекелери ылай менен төрт чарчы болуп тосулуп, ичине чылк суу куюлат. Урукка деп бөлүнгөн шалы сууга чыланып, өнгөндөн кийин себилет. Урук өсүп калгандан кийин азотун жана селитрасын, чөпкө, отоого каршы дарысын себет. Күрүч талаасын ар дайым суу каптап турат. Суу көп болсо ошончолук бийик болуп өсүп, чөп баспайт", — деди Товокалов.

Күрүчтү эгүүнүн эки жолу бар. Биринчисинде сээп айдаса, экинчисинде өнгөн шалыны бирден кол менен сайып чыгат экен. Аны дыйкандар көчүрмө дешет. Айырмасы көбүрөөк түшүм берет. Маселен, 1 гектар жерден 6-7 тонна шалы чыгат, тазалаганда 3-3,5 тонна күрүч болот экен. Көчүрмө болсо 4 тоннадай берет.

2000-жылдары дыйкандар Өзгөндүн асфальттуу жолдоруна күрүчтөрдү жыш төшөп салышчу. Айдоочулар талаа менен жолду араң айырмалачу экен, бирок быйыл андай көрүнүш жок. Талантбек байке ага тыюу салынганын айтат.

"Жолго шалы төшөгөндөр айыпка жыгылат. Автоунаа кыймылына бир топ тоскоолдук жаратат экен. Өкмөт тыюу салып туура эле кылган. Ар ким өзүнүн эшигинин астында, огородунда тебелетет", — дейт дыйкан.

Ал шалыны дыйкандар урукка алып калуу үчүн тебелеткен. Башкача айтканда, андай шалы комбайнга салынып, күрүч болбойт, бир аз кургатып туруп эле кампага салынат.

Талантбекке быйыл шалыны оргонго туугандары менен үй-бүлөсү жардам берди. Себеби жумушчуларды жалдоо кымбат.
Пазылбек Мойдунов быйыл жумушчулар бир сотых жерди 450 сомго орушканын айтат.

"Бир гектарга 10 адамды салсаң үч күндө орушат. Эки маал тамак менен камсыздайсың, алып барып, алып келесиң. Акысы 45 миң болот. Комбайн 22 миңге орот", — дейт ал.

Өзгөн күрүчү
эмнеге кызыл?

Өзгөн күрүчү
эмнеге кызыл?


"Кызыл болушу үчүн кирпич кошуп жиберет турбайбы?" деп Талантбек мырзаны тамашага салдык. Башка күрүчтөрдөн Өзгөндүкү өңү менен айырмалана турганы анык эмеспи.

Шалы орулгандан кийин ага кызгылт күрөң өң берүү процесси жүрөт, аны жергиликтүүлөр кызытуу деп коюшат. Ал үчүн орулган шалыларды бири-биринин үстүнө тегерек кылып үйүп, үстүн клеенка, чүпүрөк менен он күндөй күн көрсөтпөй жаап коюшат. Анан башы кызыл тартып, дан чыңалат, ошондон өзгөн күрүчү чыгат.
Эльтар Смаилов
Айыл чарба илимдеринин доктору
Бул процесстен өткөрүү үчүн дыйкандар комбайнга караганда кол менен оргонду туура көрүшөт. Анын себебин Өзгөн технология жана билим берүү институтунун директорунун орун басары, айыл чарба илимдеринин доктору Эльтар Смаилов түшүндүрдү.

"Кол менен орулган шалыны 5-6 күн таштап койсо өзүнөн-өзү бышып жетилип, элементтерге байыйт. Ал эми комбайнга салынганда шалы сабагынан ажырайт, анан кандай ыкма колдонсо да жакшы күрүч чыкпайт", — деди Смаилов.

Адис өзгөн күрүчүнүн бул технологиясы уникалдуу экенин жана мындай ыкма Кыргызстанда эле бар экенин белгиледи. Бирок жергиликтүү дыйкандардын бардыгы эле аны жакшы билбейт. Ошонун айынан күрүчтөрү ферментация процессинен жакшы өтпөй калат, кээ бирлери айла жоктон боёк кошуп жиберерин жашырган жок.

Шалы кантип
күрүчкө айланат

Шалы кантип
күрүчкө айланат

Шалы кызытылып, комбайнга жанчылгандан кийин кургатылат. Шералы айылы боюнча Пазылбек Мойдуновдун үйүндө гана шалы кургаткан жай бар. Караңгы бөлмөнүн ичинде электр жарыгы күнү-түнү иштейт. Тонналаган шалыны атайын жабдык жылуу шамал менен кургатат. Жакшы кургашы үчүн бир жумадай убакыт керек.

Пазылбек мырза өзүнүкүнөн тышкары башкалардын да шалысын кургатат. Акысы — бир тоннага 2,5 миң сом. Мурда шалыны сыртта күнгө жана шамалга кургатчу экен. Азыр атайын жабдуулар дыйкандардын ишин жеңилдеткен.

Шалыны күрүч кылган ишканаларга ишкерлер атасынын же баласынын атынан деле коюп алса жарашмак. Бирок ал жакты баары "Акжубас" деп эле атап коюшат. Акжубаз — күрүчтү актаган, тагыраагы, тазалап, жылмакай кылып, өңүнө чыгарган жабдык.

Ошондой ишканалардын жетекчилеринин бири Шамил Мамазалиев акжубас күзүндө эки ай гана тынбай иштеп берерин, калган убакта дыйкандар анда-санда келип турарын айтат.

"Сезон маалында жумушчулардын акысын кошпогондо айына 100 миң сомдон ашуун пайда түшөт. Калган убакта айына 20-30 миңден гана түшүп турат. Кээде дыйкандар акчанын ордуна күрүч таштап кетишет", — деди Мамазалиев.
Акжубазга 4 тонна шалы алып келген дыйкан тазалагандан кийин 2 тонна таза күрүч алып кетет экен. Ишканадагылар бир тоннасын 1 500 сомго актап беришет.

Жумушчулар шалынын калдыктарын текке кетиришпейт. Күрүчтүн эң майдаларын тоокко жем кылышат, кабыктарын тандырга жагып, ал эми курулуш ишинде ылайга аралаштырышат.

Өзгөн күрүчүнөн тамшанткан аштан сырткары мастава, шөөла, анан калса бозо салышат. "Ак-Талаанын бозосундай мас кылабы?" деп тамашалап калдык, "Күчтүү ачытса мас эле кылат" деп күлдү жергиликтүүлөр.
Адис: өзгөн күрүчү белокко, минералдарга бай
Адис: өзгөн күрүчү белокко, минералдарга бай

Эльтар Смаилов
Айыл чарба илимдеринин доктору
Өзгөн күрүчү деп жалпы аталганы менен анын түрлөрү көп. Өзгөн технология жана билим берүү институтунун директорунун орун басары, айыл чарба илимдеринин доктору Эльтар Смаиловдун айтымында, өзгөн күрүчүнүн Кыргызстанда патенттелген эмес, бирок мамлекеттик реестрге эки сорту — "кара кылтырык" менен "ак урук" кирген. Булар биздин ата-бабалардан бери келе жаткан сорттор. Жыл сайын дыйкандар ушул эки күрүчтүн эң жакшы уруктарын тандап, күрүчтүн Өзгөн 1, 2, 3 же Муса 1, 2 сыяктуу түрлөрүн чыгарат экен. Бирок булар өзүнчө сорт катары каралбайт.

Өзгөн күрүчү үч түскө ээ: саргыч боз, ачык күрөң жана кара күрөң. Булар бири-бири менен химиялык түзүлүшү жана сапаты менен айырмаланат. Маселен, ачык күрөң өңдөгү Дастар-Сарык күрүчү элементтерге өтө бай, кишини эки эсе ток кармайт, тамак сиңирүүсү начар адамдар абайлап жеши керек.

"Өзгөн күрүчүн мыкты кылган анын сорту жана суусу. Илгери күрүчтүн сорттору көп болгон эмес жана эң жакшылары бардык жерде "девзира" деп аталчу. Анан климатка жараша күрүч өзгөрүп, аталышы да өзгөрүп кетти. Маселен, эмнеге өзгөн күрүчү даамдуу? Себеби Кара-Шоро, Кара-Кулжа жан Жазы дарыясынын сууларын ичет ичет. Ал суу минералдарга жана элементтерге бай. Анан белоктон айырма. Стандартта күрүчтө белок 6 пайыз болсо, өзгөн күрүчүндө 10 пайыздан ашат", — деди айыл чарба адиси.

Эльтар Смаилов акыркы учурда шалы аянттары азайып кеткенин, кайра көбөйтүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. Негизи эле Кыргызстанда Өзгөн күрүчү көп өстүрүлөт деп айтуудан алыс. Өлкө ичинде бул азыкка керектөө жогору. Чет мамлекеттен Өзбекстан менен Россияга көп экспорттолот.

"Биз башка мамлекеттерге күрүчтүн көлөмү боюнча атаандаштык жүргүзө албайбыз. Миллион гектарлап өстүргөндөр бар. Тек гана сапат боюнча алдыга чыга алабыз. Мен бир жолу Кытайдагы кесиптешиме өзгөн күрүчүнөн эки килограмм жөнөткөм. Ал бир килограммын Япониядагы Токио университетине жөнөткөн экен, ректору "Кайдан тапкансың мындай күрүчтү?" деп таң калыптыр. Бул күрүчтү Маниладагы адал азык-түлүктөрдүн жарманкесине алып барса 10 эсе кымбат өтөт дептир", — деди айыл чарба адиси.

Быйыл 2021-жылы Өзгөн районуна 3 000 гектардан ашуун жерге күрүч айдалган. Бирок иш жүзүндө андан он гектарга көп болушу мүмкүн, дыйкандар сугат суусунун акчасын төлөгөндөн качып так санын айтышпайт экен. Быйыл күрүчтүн базар баасынын бир килограммы адаттагыдай эле 130-160 сом экени айтылды.

Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото жана видео
Эмиль Садыров
Табылды Кадырбеков

Дизайнер

Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0