Темир тор артындагы өлүм: Кыргызстан абактарында кантип дарылашат
Темир тор артындагы өлүм: Кыргызстан абактарында кантип дарылашат
Кыргызстанда абакка түшкөндөрдү кантип дарылашат, соттолгондорго көрсөтүлгөн медициналык жардам талапка жооп береби, эмне үчүн ЖАМКтын бул тармагын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүүнү туура деген пикир бар? Мындай суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз.
Жактоочулар соттолгон адам эркиндигинен гана ажыратыларын, ага жаза өтөө жайында мамиле гумандуу болушу керектигин, анын ичинде тиешелүү медициналык кызматтарды пайдалана аларын белгилешет. Анткен менен бир катар көйгөйлөр бар экени айтылды.
ЖАМК кандай медициналык кызмат көрсөтө алат?
ЖАМК кандай медициналык кызмат көрсөтө алат?
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында жалпы 27 жаза өтөө жайы иш алып барып, аларда 6000ден ашык адам кармалат.

ЖАМКтын өзүнүн эки ооруканасы бар: Бишкекте жайгашкан №47 мекеме соматикалык ооруларды караса, Молдовановкадагы №31 мекемеде кургак учук жуктургандар дарыланат. Бул жактарда дарыгерлер эмгектенет. Ал эми калган жаза өтөө жайларында фельдшерлер кызмат көрсөтөт.
Ал эми абактагы бейтаптардын диагнозун тактоо кыйынга турган учурларда жана татаал операция талап кылынса сырттагы жалпы ооруканаларга чыгарылары маалым.

Өлкөдөгү жалгыз аялдар абагы — №2 түзөтүү колониясы Бишкектен анчалык алыс эмес Степное айылында жайгашкан. Абактын өзүнүн төрөтканасы жок болгондуктан Чүйдөгү жакын оорукана менен келишим түзүп, ошол жактан көз жарышат. Аялдарды ал жактан кызматкерлер кайтарып жүрөт.

Операция, процедура жана дары-дармектин чыгымдарын ЖАМК өзү көтөрөт. Кээ бир учурларда соттолгондордун туугандары жардам берерин айтышты. Жылына аталган мекеменин медициналык камсыздоосуна
6 800 000 сом бөлүнөт.
Соттолгондор кайсы оорулар
менен ооруйт?
Соттолгондор кайсы оорулар
менен ооруйт?
2021-жылдын алты айында абакта отургандардан 3 439 оору аныкталган. Анын дээрлик көбү дем алуу органдарынын илдети, андан кийин тамак сиңирүү органдарынын дарты, жаракаттар жана уулануулар, бөйрөк-жыныс органдарынын дарттары, тери оорулары, нерв тутумунун оорулары жана кургак учук.
2021-жылдын жарым жылында абакта отурган канча киши кандай илдеттерге чалдыккан
Дарты өтө олуттуулар абактан бошотулат
Абакта жаткандар чет мамлекетке чыгып дарылана албайт. Бирок дарты өтө олуттуулар өкмөттүн токтому менен түрмөдөн бошотулат. Муну ЖАМК, Саламаттык сактоо министрлиги жана сот ишке ашырат.
Акыркы бир жылда түрмөдө канча киши көз жумду?
Акыркы бир жылда түрмөдө канча киши көз жумду?
ЖАМКтын билдиргенине караганда, Кыргызстандын жаза өтөө жайларында 2020-жылдын биринчи жарымында 23 жана 2021-жылдын биринчи жарымында 16 киши көз жумган. Алар мүнөздүү эмес оорулардан (соматикалык), кургак учук, ВИЧ инфекциясы, рак, жаракат жана суицидден каза болгон.
Абактарда 2020-жылдын
биринчи жарымында 23,
ал эми 2021-жылдын биринчи жарымында 16 киши каза тапкан
Абак соо жанды талкалады дегендер... ЖАМК буга эмне дейт?
Абак соо жанды талкалады дегендер... ЖАМК буга эмне дейт?
Жаза өтөө жайына түшкөндөн кийин ошол жактан оору жуктуруп, убагында жардам албай каза болгон учурлар да бар экени белгилүү болду.

Атын атагысы келбеген пайгамбар жашындагы аялдын көз жашы эки жылдан бери кургабай келет. Анын баласы абактын ооруканасынан операция болгондон кийин көз жумганын айтат.
"Уулум кармалгандан кийин сурак жүрбөй алты ай убактылуу кармоочу жайда жатып калды, катуу чөктү, ооруп турбай калды. №47 ооруканага суранып жүрүп жаттык, оңой менен которушпайт экен. Өтүнөн таш алышты, операциядан кийин жакшынакай эле жүргөн, 18 күндөн кийин өтүп кетти. Ден соолугу жакшы эле болчу, абакка түшкөндө начарлады. Жок дегенде ооруканага убагында которуп, жакшы карап коюшса болот беле?! Өлүмүн да териштирип жүрдүк, бирок акыйкаттык болбоду. Азыр чындык издеп чуркабай калгам, балам тынч жатсын...", — деди маектешкен аял.
Жактоочу Замир Жоошев иш практикасында абакта жатып ооруга кабылып, көз жумган учур болгонун айтат.
"Эки жыл мурун мен жактап жүргөн адам абактан кургак учук жуктуруп, өз убагында дарыланбай көз жумган эле. Ушул мисал соттолгондор маалында жардам албай каларын билсек болот. Абакка түшкөндөр аз кыймылдашат, аба алмашуу процесси начар, күн жакшы тийбейт, стресс, келечегин ойлонуп кабатырланышат, мунун баары ооруларын козгошу мүмкүн. Ооругандарга деле бир түрдүү парацетомол, цитрамон сыяктуу препараттарды беришери да айтылып жүрөт. ЖАМКтын бейтаптарды толук тейлөөгө шарты жана мүмкүнчүлүгү жетпейт деп эсептейм", — деди жактоочу.
Жоошев адвокаттар абактагы оорулууларга жардам берүү үчүн тиешелүү арыз менен ЖАМКка, андан майнап чыкпаса Акыйкатчыга же Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна кайрыларын айтат. Ал көп учурда жактоочулардын кийлигишүүсү жардам берерин белгиледи.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кайрылгандарга жардам убагында көрсөтүлөрүн айтып, абакка түшкөндүн баары оорулуу болуп калат деген түшүнүк туура эмес экенин билдирди.
"Азыр жаза өтөө жайларында шарт жакшырды, медициналык тейлөө толук кандуу көрсөтүлөт. "Түрмөгө түшкөндө ден соолугум талкаланды" деп айткандар — абакка чейинки ден соолугу начарлар. Ичинен оору жуктуруп алгандар дээрлик жок. Оорулуулар жарандык ооруканадан же убактылуу кармоочу жайдан келишет. Абакка которордо толугу менен текшерип, эки жума обочолойбуз. Бизде дарылоонун жыйынтыгы жакшы, ооруп келип айыгып кеткендер да бар", — деп жооп берди ЖАМК.
Мекеме 2020-2021-жылдары соттолуучуларга массалык скрининг жүргүзүлгөнүн билдирди. Натыйжада ооруну эрте аныктоо жана дарылоо жакшырып, бейтаптардын саны азайган.
Адвокат: ЖАМКтын медтейлөөсү стандартка туура келбейт
Адвокат: ЖАМКтын медтейлөөсү стандартка туура келбейт
Кыргызстандагы жаза аткаруу жайлары медициналык тейлөөнү стандартка ылайык жүргүзбөйт. Мындай тыянакка 2018-жылы адвокат Батыр Ботобеков төрагалык кылган "Голос свободы" коомдук бирикмеси, Омбудсмендин аппараты жана Кыйноолорго каршы коалициясынын мүчөлөрү изилдөөдөн соң келишкен.

Ботобековдун айтымында, андан бери деле абал жакшырган жок, коронавирустун фонунда да курчуду.
"Эл аралык стандарттарга ылайык, адамды камакка алган соң анын ден соолугуна кам көрүү кепилденет. Биздин абактарда медициналык кызмат толук кандуу көрсөтүлбөйт. Түрмөнүн оозунда тамак-аш, дары көтөргөн кишилер арбын. Препарат, медициналык буюмдар, жабдыктар жетишсиз. Абак дарыгерлеринин квалификациясы да төмөн", — деди жактоочу.
Адвокат ЖАМКтын медициналык кызматын Саламаттык сактоо уюмуна өткөрүп берүүнү туура деп эсептейт.

"ЖАМК медициналык кызматты көрсөтпөй, өз милдеттерин түз аткарышы керек. Медик биринчи кезекте өмүр сакчысы, алар жалпы ооруканаларда адаттагыдай иштеши керек. Абактын ооруканасында өлүм-житим болот, кызматтык иликтөөнү өздөрү эле жүргүзүп коюшат. Соттолуучулар эмне болуп каза тапканы белгисиз. Балким, ага убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй калгандыр же туура эмес дарылаган болушу мүмкүн", — деди Ботобеков.

Жактоочу мындай иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен ЖАМКка бир катар сунуштар берилерин, бирок алардын көбү сөз бойдон калып жатканын кошумчалады.

Ал эми ЖАМК Саламаттык сактоо министрлиги азыркы учурда мекеменин медицина тармагын тескегенге мүмкүнчүлүгү жок деп эсептейт.

"Биздин дарыгерлердин айлыгы жарандык секторго салыштырмалуу жогору.
Буга кошумча наам алып иштешет, пенсияга эрте чыгышат, бир катар жеңилдиктер да каралган", — деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

ЖАМК медицина тармагында 250дөн ашык киши эмгектенерин билдирип, невропатолог, окулист, теривенеролог жетишсиз экенин моюндады.

Ошондой эле ЖАМК Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту менен келишимдик негизде дарыгерлеринин тажрыйбасын жогорулатып келгенин айтат. Бирок былтыр аталган институт келишимди бир тараптуу бузуп, каражат талап кылган. Мекеме учурда окууну жандантуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып жатканын белгиледи.
Коронавирус, вакцина маселеси
Коронавирус, вакцина маселеси
Пандемия башталгандан тарта 2021-жылдын алты айына чейин абактардагы 58 адамда коронавирус инфекциясы аныкталган.

Макала даярдалып жатканда, тагыраагы, 24-июлда ЖМКларда Бишкектин четиндеги аялдар абагында коронавирустун массалык түрдө катталганы тууралуу маалымат чыккан. Анда адвокат Батыр Ботобековго кайрылган соттолуучу аял түрмөдөгү эки жүздөн ашуун кишинин 50сү ооруга чалдыкканын жана медициналык жардам жакшы көрсөтүлбөй жатканын айткан.

Андан кийин ЖАМК маалымат таратып, 246 тест алынган соң оору беш аялдан гана аныкталып, алар жардам алып жатканын, ошондой эле дары-дармек жетиштүү экенин билдирген.

Учурда коронавируска каршы вакцинаны абак кызматкерлери алышууда. Соттолуучулар да өз каалоосу менен алса болорун белгиледи.
Акыйкатчы институту: абактагылардын майыптыгын белгилөө маселеси каралууда
Акыйкатчы институту: абактагылардын майыптыгын белгилөө маселеси каралууда
Акыйкатчыга соңку 1,5 жылда ден соолугуна байланыштуу 30га жакын киши кайрылып, кан басымы, өнөкөт пиелонефрит, эпилепсия, эхинококк, пневмония оорусу менен жабыркаганын айткан.

Омбудсмен бейтаптарды ооруканаларга жаткырууга жардамдашат, ошондой эле жаза өтөө жайларына мониторинг жасап, сунуш берип турат.

Акыйкатчы аппаратынын башчысы Аскат Азарбековдун айтымында, абактагылардын майыптыгын белгилөөдө кыйынчылык бар.
"Өкмөт 2016-жылы бекиткен "Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө" жободо жаза өтөө жерлеринде жүргөн жарандарга Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК) экспертиза жүргүзбөйт деген ченем бар. Ал КРдин Конституциясына жана "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын талаптарына каршы келери аныкталган. Акыйкатчы аппараты Башкы прокуратурага кайрылган, алар министрлер кабинетине актыларга өзгөртүү (толуктоолорду) киргизүүнү талап кылып, маселе каралууда. Бул боюнча Омбудсмен президенттик аппаратка да кайрылган", — деди Азарбеков.
Ал абактагылар майыптык категориясын албай калса мунапыска илинбей калышы мүмкүндүгүн белгиледи.
Убактылуу кармоочу жайларда (ИВС) да абал жакшы эмес
Убактылуу кармоочу жайларда (ИВС) да абал жакшы эмес
Камакка алынгандар 48 саат ичинде, баш коргоо чарасы тандалганга чейинки убакта ден соолугу начарласа жалпы ооруканаларга жеткирилет. Эки суткадан кийин тергөө абагына түшкөндө ЖАМКтын ооруканасынан дарыланат.

Адвокат Ботобеков убактылуу кармоочу жайлар да текшерилип, медициналык-санитардык коопсуздук сакталбай турганы аныкталганын айтат.

Анын билдиргенине караганда, Бишкек менен Чүйдүн айрым убактылуу кармоочу жайларында гана фельдшерлер штаттык түрдө иштебесе калган жактарда абал начар.

"Көп эле убактылуу кармоочу жайларда дарыгерлер тартыш. Адатта биринчи жардам кутусу (аптечка) менен кызматкерлер эле жардам көрсөтүп коюшат", — деди жактоочу.

ИИМ менен УКМКга убактылуу кармоочу жайларындагы медициналык тейлөө тууралуу суроо узатканыбызда, фельдшерлер кызмат көрсөтөрүн, зарылчылыкка жараша кармалгандар Тез жардам менен жалпы ооруканаларга жеткирилерин айтышты. Бирок медиктер жетиштүүбү деген сурообуз эки жактан тең жоопсуз калды.
Даттанбагандар арбын...
Даттанбагандар арбын...
Жактоочу Нурбек Токтакунов абакта жатып ден соолугу начарлагандар эркиндикке чыккандан кийин даттанбай, буга байланыштуу иштер териштирилбей каларын айтат.
"Абактан ооруп калгандар көп даттана бербейт. Ошо жакта жатып оорулуу болдум деген даттануулар болсо териштирилип, иш аягына чыкмак. Бөтөнчө жаза мөөнөтү бүткөндөр же бошотулгандар эркиндикке чыкканына эле ыраазы болуп, андан ары ызы-чууну каалашпайт. Менин практикамда жадагалса белгилүү саясатчылар да ден соолугуна байланыштуу көп арызданган эмес", — деди Токтакунов.
Адвокат камакка алынгандарга жасалган мамиле гумандуу, ошондой эле жаза өтөө жайларында медициналык-санитардык камсыздоолор талаптагыдай болушу керектигин белгиледи.
Автор
Гүлдана Талантбекова

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Дизайнер
Тьерри Махасуру

Сүрөт

Табылды Кадырбеков, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы,
Вячеслав Оселедко, Илья Каримжан

Жаңылыктар түрмөгү
0