Бүбүсара Бейшеналиева
Эсибизде калган Бүбүсара
Балет жылдызынын чыйыры жана махабаты
БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА
Эсибизде калган Бүбүсара
Балет жылдызынын чыйыры жана махабаты
Жайкы жеңил көйнөкчөн кыз Дзержинский сейил багын аралай баратты. Эрксизден айланадагыларды өзүнө тартат. Маралдай басканынан, көз талдырган келбетинен балерина экени дароо байкалат!

Ары-бери өткөндөр суктанып карап кала беришет... Анан театрга билет алууга чуркашат. Бүбүсара Бейшеналиева аларга имаратта илинген афишалардан жылмаят.
Артист сахнада образына толугу менен берилип, дүйнөнүн булуң-бурчундагы көрүүчүлөрдү суктандырган. Ал эми жашоодо ал кандай жан эле? Эмнени самап, эмнеге кейип, эмнеге умтулчу эле? Улуу балерина тууралуу анын жакындары, кесиптештери жана шакирттеринин эскерүүлөрүн топтодук.
Айтылуу балерина сахна артында кандай эле
Айтылуу балерина сахна артында кандай эле
Сымбаттуу, келбети келишимдүү беш көкүл кызды карыялар "көк көз" деп чакырышар эле. Кичине кезинде Бүбүсаранын каректери көк асманды батырып алгандай көгүш тартып турчу. Эркелеткен ошол ысым балеринанын туулган айылы Таш-Дөбөдө (Воронцовкада) азыркыга дейре эл оозунда.

Анын тагдыры тыгыз байланышкан дагы бир жер — Ленинград шаары. 1936-жылы Нева жээгине Кыргыз ССРинен өнөрлүү балдарды биринчи ирет окууга жөнөтүшөт. Алардын арасында Ленинграддагы А.Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайына кабыл алынган 10 жашар Бүбүсара да бар эле. Театрда Биба же Бибочка дешсе, коңшу жашаган еврей улутундагылар аны Сарочка деп коюшчу. Театр сахнасында Бүбүсара "Селкинчектеги" карапайым Зайнурадан тарта "Чолпон" балетиндеги сыйкырчы Айдайга чейинки отуздан ашуун аялдын образын жараткан.
Бүбүсара Бейшеналиева менен Уран Сарбагышев композитар Михаил Раухвергердин "Чолпон"
балетинде бийлеп жатат
Балерина атак-даңктын сыноосунан да татыктуу өткөн. Жамы журттун сүймөнчүгүнө "жылдыз дарты" деген жат эле. Ал тургай анын адаттан тыш юмор туюмун жана белгилүү инсандарды келиштире туурап бергенин да көпчүлүк жактырчу.
Эрмек Бейшеналиев
уулу
Бир күнү "Чалкан" сатиралык журналынын редакторунун кабинетинде телефон шыңгырайт. Телефон чалган менин апам эле:

— Күркөлөрдөн сенин басылмаңды калтырбай сатып алгыдай кылайынбы?
Редактор көп буйдалбай макул болот. Эртеси, 1-апрелдин таңында, апам жогорку кызматтагы адамдардын жубайларынын баарына телефон чалып, бир гана нерсени сурайт:
— "Чалканды" окудуңбу?
— Жок, эмне болду?
— Эч нерсе, жөн гана сурадым.

Ушундай кыска баарлашуудан кийин ал аялдардын баары "болду- болбоду, күйөөм жөнүндө бир нерсе чыкты окшойт!" деп шекшиништи. Кантсе да кезегинде журнал курч социалдык жана саясий темаларга тартылган карикатуралары менен атагы чыгып турган эмес беле. Ошентип аялдар жаңы номерди гана эмес, "Чалкандын" эски чыгарылыштарын да калтырбай сатып алып кетишет… Анткен менен эч нерсе табышпайт. Апам ошондой куудул чалыш да инсан эле.
Бүбүсара сабак да берип, сахнага да чыгып, депутаттык ишмердигин да айкалыштырган, ошол себептен СССР Жогорку Кеңешинин сессиясына катышууга учуп кетчү. Аэропортко аны сөзсүз окуучулары узатар эле.
Мадина Маженова
Бейшеналиванын окуучусу, Бишкек хореографиялык окуу жайынын классикалык бий педагогу, КР маданиятынын отличниги
Москвадан кайтканында ал бизге базарлыкка фирмалык шоколаддарды түрлөп алып келчү. Ал күн биз үчүн чыныгы майрамга айланар эле. Биз Бүбүсараны ушунчалык аздектеп, ошону менен бирге аябай коркчубуз. Сиз ойлогондой мааниде эмес, ар бирибиз ага жакпай, анын ишеничин актай албай калуудан чочулар элек. Бүбүсара эч качан карамагындагыларга үнүн катуу чыгарчу эмес: жыйынтыкты талап кылчу, ошол эле убакта шакирттеринин өзүнө болгон ишенимин бекемдеп койчу. Баарыбыз жапырт чүргөй салыш дегенди билбей кара терге түшүп эмгектенчүбүз.
Бүбүсара Бейшеналиева жана шакирттери, 1972-жыл
Бүбүсара окуучуларына жакындарындай мамиле жасап, конокко көп чакырчу. Бийчилер элдин сүймөнчүгүнүн үйүнө мейманга баргандарын далайга дейре унуткарышпады.
Жамал Ибраимова
Бишкек хореографиялык окуу жайынын классикалык бий педагогу, КР Эмгек сиңирген артисти
Тышы да, ичи да сулуу Бүбүсара меймандостугу менен да өзгөчөлөнүп турчу. Мен да аныкына конокко барып калдым. Тамагын жасап, дасторкон жайды. Жок дегенде идиш-аякты жууп коеюн десең да көнбөй койгон! Ушундай жылуу, ачык асылзаада эле. Ушак-айыңдан таптакыр алыс болчу, кай бирөөнүн дарегине жаман кеп айтканын эшитпедим.
Бүбүсаранын өзү жөнүндө адамдарды сахнадан арбап кое алат дешчү. Башта андайды түшүнчү эмесмин, бирок анын репетициясын көргөнүмдө баарын аңдадым. Образына ушунчалык жуурулушуп кетер эле. Көрүүчүлөр ага ынанышчу. Азыр балериналарга көз салам, техникалык жактан баарын эле туура аткарып жаткансыйт, бирок Бүбүсарадагы жанып турган жарыкты эч кимден көрө элекмин.
Көп эле сулуу көрдүм, бирок Бүбүсара ажайып эле
Көп эле сулуу көрдүм, бирок Бүбүсара ажайып эле
Бейшеналиеваны жакындан тааныгандардын көпчүлүгү менен баарлаштык, ар бири анын кайталангыс инсан болгонун белгилешет. Ондогон жылдар өтсө да алар сахна жылдызынын жаркын элесин дегеле унутушпайт.
Жамин Акималиев
"Легендарлуу" парламенттин экс-депутаты, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, Чыңгыз Айтматовдун кыйышпас досу
Бүбүсара Бейшеналиеваны биринчи жолу 1958-жылы көргөм. Фрунзеден көргөн чыгар дээрсиз. Жок, Москвадан. Иш сапарда жүргөнүмдө мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Галина Уланованын мааракелик кечесин көрө кетейин дегем. Эптеп балконго гана билет таап, балеринанын бийлерин бир нече саат бою туруп алып көрдүм.
Бүбүсара Бейшеналиева пионерлер менен, 1968-жыл
Антракт маалында шам-шум этип алайын деп буфетке баргам, өзүм жактырган доктор колбасасы менен бутербродумду, москвалык сыранын кичинекей бөтөлкөсүн көтөрүп алгам. Анан эле "Жамин, кел бул жакка!" деген тааныш үн чыгып калды. Москвадагы театрда мени ким тааныйт деп таң калдым, албетте.

Көрсө, жердешим, атактуу композитор Калый Молдобасанов экен. Жанында эки киши турат, бирөө — композитор Таштан Эрматов, экинчиси – артты карап турган табышмактуу аялзаты. Сыра, табагымды көтөрүп аларды көздөй бастым.
— Жамин, азыр сени Бүбүсара Бейшеналиева сулуубуз менен тааныштырайын, — деп калды Молдобасанов. Бейтааныш кыз мен тарапка жылмайыңкы бурулду.

Чагылган ургандай болдум, сыранын бөтөлкөсү колумдан түштү... Бүбүсара: "Чоң жигит, сизге эмне болду?" – деди. Мен нес болуп калдым... Ошол убакта 22демин, ал 32де эле. Анткен менен Бүбүсара 18 жаштагы кыздай эле. Ошол кезигүүдөн бери 60 жыл өттү, бирок кечээ эле таанышкандай ар бир ирмеми эсимде. Дүйнөнүн жарымын кыдырдым, далай сулууларды көрдүм, бирок Бүбүсара кайталангыс чүрөк эле.
Дагы бир учурду айтып берейин. Бир күнү топтошуп алып Москвада эл көп кирген "Өзбекстан" ресторанына жөнөдүк. Бекеринен ал жерди тандаган жокпуз, Бүбүсара лагманды сагыныптыр. Баш багып эле чубалган кезекти көрдүк. Бүбүсара ресторанды бир аралаганда эле кезек күткөн эл тамагын унутуп, балеринадан көзүн албай тиктеп калышты. Мастава, манты, тандыр нан көк чайы менен алганы эсимде. Ошондо Калый (Молдобасанов. — ред. тактоосу) таң калганын жашырбай минтип сурады:

— Сен балеринасың да, мынча тамакты кантип жейсиң?
— Калыйчик, мен сыйкырдуу таяктар менен дирижерлук кылбайм да, суткасына 8-9 саат бийлейм. Калориялуу, жакшы тамактанууга тийишмин.

Сурообуз ошону менен бүткөн.
Менин жылдызымдын жанышы үчүн аялдык бактысын курмандыкка чалды
Менин жылдызымдын жанышы үчүн аялдык бактысын курмандыкка чалды
Элүүнчү жылдардын аягында Айтматов элдин оозуна алынып, кеңири таанылып бараткан. Ленинградга делегация менен учуу ага да сунушталат. Ошол сапары бүт өмүрүн өзгөртөрү үч уктаса түшүнө кирген эмес.
Бүбүсара Бейшеналиева жана Чыңгыз Айтматова Балтика флотунун моряктары менен
"Эки-үч матростун коштоосунда катер менен "Аврора" крейсерине жакындап калганымда биздин делегация палубада экенин көрдүм. Анын мүчөлөрүнүн арасында ак жуумал, көздөрү кубанычтан жайнаган Бүбүсара да бар эле. Сымбаттуу тулку боюн, каралжын чачын деңизден соккон сыдырым жел сылап турат. Биз тарапка жылмайыңкы кол булгады".

(Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы" ("Кылым кыйырындагы сыр ачуу") китеп-диалогунан)
Жазуучу жана балерина тез эле ынак болуп кетишет. Айтмакчы, Ленин сыйлыгын алганда Айтматовду биринчилерден болуп Бүбүсаранын уулу Эрмек куттуктаган:

1960-жылдардын башында Москвадагы мектептердин биринде окучумун. Сабак 9да башталчу. Окууга баратканымда радиодогу үн "Адабият жаатында Ленин сыйлыгы Кыргыз ССРиндеги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор жана талаалар баяны" жыйнагы үчүн берилди" деп калбаспы. Мугалимдер бөлмөсүнө чуркадым.

— Саламатсыздарбы? Телефон чалып алсам болобу?
— Кимге?
— Чыңгыз агага, Ленин сыйлыгы ыйгарылыптыр!

Өкүлчүлүккө чалып:
— Чыңгыз байкенин кайда экенин билбейсиздерби?
— Мына жаңы кирип келе жатат.

Айтматовго трубканы беришти.
— Чыңгыз ага, Ленин сыйлыгы кут болсун!
— Кое тур, сен кайдан билесиң?
— Радиодон уктум.

Окуудан кийин Айтматов келди. Мага, досторума ошол убакта таңсык болуп турган ананас ала келиптир.
Кийин Айтматов өзү моюнга алгандай, Бейшеналиева менен кезиккенден кийин анын мурдагы өмүрү толук бойдон экинчи планга жылган: "Ошол кезден Бүбүсаранын өмүрүнүн акырына дейре – он төрт жыл бою жүрөгүмдөгү жалын бир мүнөткө да өчпөдү".
Ал убакта Бүбүсара менен Чыңгыздын тегерегиндеги күбүр-шыбыр, ушак-айың жана жалган кептер токтобойт. Жамин Акималиев эскергендей, ар ким өз табитине жараша алар тууралуу кеп чыгара берген.

"Чыңгыз дайым олуттуу жан эле, бирок татынакай Бүбүсараны көргөндө эстен тана сүйүп калган. Совет убагында ажырашуу өзгөчө окуяга тете болчу, бирок ал партиялык тартиптин каарына калуудан да чочулаган эмес. Андай сезимдерди китептерден гана окугам... Айтматов тунук сүйүү жөнүндө жан дили менен жазганы ушундан", — дейт ал залкардын досу.
Эмнеге анда жазуучу жана балерина жолун бириктире алышкан эмес? Буга Айтматов өзү мындайча жооп берген:

"Бул тууралуу сөз козголгондо Бүбүсара кепти башкага буруп же ашыкпоону суранчу. Кийин бизге Дзержинский (азыркы Эркиндик – ред.) сейил багынын боюндагы үйдөн коңшу подъезддерден жаңы батирлер тийди. Көп өтпөй Бүбүсара муңайым жылмаюу менен мага мындай деди:

— Ачинов (ал менин аты-жөнүмдүн баш тамгалары менен мага ушундай ысым таап алган), эмне айтарыңды түшүнүп турам. Бири-бирин чындап сүйгөн адамдар бирикпейт дешет. — Бир саамга унчукпай турду. — Балким ушундай эле болушу керек чыгар. Үй-бүлөлүк күнүмдүк тиричилик кандай улуу сезим болбосун өчүрүп тынат. Сүйүүбүздү никеге байлап эмне кылабыз?
Кийин ойлосом, Бүбүсара сунушумдан баш тартуу менен мени партиялык "жолдоштордун" катаал жазасынан, адабияттагы кесиптештеримдин кодулоосунан коргоого (ал өзүн ойлобоптур да) тырышыптыр. Себеби ошол жылдары ажырашуу эмнени туюндурганы эсиңдеби? Анын өзүн курмандыкка чалганын кабыл алып туура кылдымбы? Бул мени дайым түйшөлтөт. Эмне десек да Бүбүсара аялдык бактысын менин жылдызымдын жанып турушу үчүн курмандыкка чалган".

(Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы" ("Кылым кыйырындагы сыр ачуу") китеп-диалогунан)
Бүбүсаранын мүнөзү өзгөчө жагдайларда айрыкча байкалчу: ал жардамга кол сунууга дайым даяр эле.
Рейна Чокоева
Кыргыз ССРинин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор
Окуя "Куйручук" спектакли жүрүп жатканда болду. Биринчи картина маалында жыгылып түшүп колумду сындырып алыпмын. Сынганын да билбей, жасалга алмашканча көшөгө артында жан сыздаткан оорудан ыйлап жаткам. Балдар мени курчап калышты, аны байкаган Бүбүсара дароо жаныма келип, эмне болгонун сурап калды.
Кыргыз ССРинин эл артисти Рейна Чокоева, 1967-жыл
Кайсы бир кезде Бүбүсара да ошол спектаклде ойногон, ошондуктан ойлонбой туруп мени сахнада алмаштырып турууга макул болду. Экинчи картинаны көз жашымды төгүп аткардым. Сценарий боюнча да шайкеш келип калды, каарманым да ошол учурда ыйламак.

Ооруган колумду боорума кысып алып бийлөөгө туура келди. Албетте, аябай жаным кейиди! Андан соң Тез жардам чакырып беришти, менин ордума сахнага даярданып жетишкен Бүбүсара чыкты. Дайым ал башкалардын ажатын ачып, анан да чын дили менен көмөктөшө калчу.
Экинчи ирет колумду сындырып алганымда Бүбүсара арабызда жок эле. Травматология бөлүмүндө колума гипсти анын жетекчиси салды. Персонал дал ушул дарыгерди туура көргөн жок, көрсө ал мындай иш менен алектенбей калганына көп болуптур. Баштан-аяк Бүбүсара жөнүндө гана сурап турду. Качандыр бир кез ага ашык болгон көрүнөт... Балерина тууралуу баарын билгиси келген дарыгер гипсти эптеп-септеп койгон экен, кийин сөөгүм туура эмес бүтүп калды.
Өзүн эмес, баласын ойлоду...
Бүбүсаранын узашы
Өзүн эмес, баласын ойлоду...
Бүбүсаранын узашы
Гастроль маалында Бүбүсара оорунун кооптондурган белгилерин сезе баштайт. Рейна Чокоева аны менен бир бөлмөдө жашайт.

"Башта көкүрөктөгү шишикче анча чоң эмес эле, бирок акырындап чоңоюп кете берет. Бир жолу Светлана Молдобасанова "Бүбүсарага айт, кечеңдетпестен Кремлевкага (Москвадагы Борбордук клиникалык оорукана, учурда бул РФ президентинин иш башкармалыгына караштуу медициналык мекеме – ред.) барсын, метастаз башталган болушу мүмкүн" деп өтүнүп калды. Ал эмне экенин деле билбестен анын өтүнүчүн аткарып койдум. "Балким дарыланганыңыз оңдур?" дедим. Кол шилтеп койду, анчалык олуттуу экенин ойлогон эмес", — деп эскерет Чокоева.
Бүбүсара Бейшеналиева "Чолпон" балетинде Айдайдын ролунда, 1959-жыл
Тюменде артисттин көкүрөгүндө шишик аныкталат, бирок ал бийлеринин баарын аткарып, турдан кийин гана Москвага жөнөйт. Аны Борбордук клиникалык ооруканага жаткырышат. Жаман кесел менен алышып жатып да Бүбүсара өзүн ойлобой, жалгыз уулуна санааркаган.

Эрмек Бейшеналиевдин айтымында, врачтар койгон диагнозду ал сабырдуулук менен кабыл алды, "бирок, албетте, дагы жашагысы келгени жөнүндө сөздөр болгон". Операция октябрга коюлган, капыстан эле аны токтотуп коюшту. Текшерүүнүн жыйынтыгы дарыгерлерди үмүттөндүргөн эмес, алар шишик метастаз (оорунун очок которушу) берген деген бүтүмгө келишет.

"Үч ай, жарым жыл, жыл өтөт, ал эми жаман кесел аныкталбайт. Көрсө медиктер жаңылышыптыр, апамды баягы күздө эле операция кылганда оң болмок экен. Апам Москвадагы ооруканада жатканда Союз Никита Хрущев менен коштошуп жаткан кез эле. Ага кандай мамиле кылышса да, баары бир ал киши өлкөнү башкарган. Апам да аны узатуу зыйнатына катышып, ошондо суукка урунуп калат. Рентген сүрөтүндөгү караргандарды врачтар метастаз деп көрүшөт", — дейт Бейшеналиев.

Апасына ал кичинекей кызы менен келип турат. Бүбүсаранын дарты жан чыдаткыс болуп калганда ал азап тартканын көрсөткүсү келбей жакындарынын баарын кубалап калган. Ооруканада шакирттери да андан кабар алып турчу. Алардын арасында Мадина Маженова да болгон.

"Ак шубасын желбегей жамынып бизди мээрим менен тосуп алган. Илдет жеңип кетери эч кимдин оюна келген эмес. Биз анын жүзүнө карап, бир аз жатып, анан сакайып чыгат деп ойлогон элек", — дейт Мадина Шороевна.

Бүбүсара үзүлөрдөн мурун Мадина жол кырсыгына кабылып, бутун сындырып алат. Ошондуктан балдакчан жүрөт. Устатын узатар күнү кызды өнөктөшү Бүбүсаранын батирине чейин көтөрүп барат, анткени шакирт өз педагогу менен кош айтышпай кала алмак эмес.

Улуу артисттин акыркы күндөрү Рейна Чокоеванын эсинен кетпейт.

"Палатанын каалгасы ачык эле: бырышкан шейшепте жатат, көздөрү жашылданган. Эки күндөн кийин Бүбүсара көз жумат. Акыркы ошол көрүнүштү эстебегенге аракет кылдым... Ал мен үчүн өлгөн жок, гастролго кеткендей", — деп ой бөлүшөт ал.

Бүбүсара Бейшеналиева Владимир Власов менен Владимир Фере жазган "Анар" балетинде Анардын ролунда
Бүбүсаранын жаназасында кайгырууга тиешеси жок инсан да көз жашын жашырган эмес. Боз үйдүн жанында көздөрү шишиген, кара жамынган Чыңгыз Айтматов да отурган.

"Акыркы мода менен кийинген Чыңгыз бардык жагынан бизге үлгү болчу. Ошол азалуу күнү биз аны таптакыр башкача көрдүк. Бүк түшүп, боз үйдүн жанында сезимдерин жашырбай өксүп ыйлап отурду", — деп эскерет Жамин Акималиев.

"Айтматов — дүйнөлүк ысымы бар бүлөлүү киши, токтоткула аны!" – деп ачуулана сүйлөнгөндөр болгон. Ошондо нааразы болгондорду кийин Чыңгыз Төрөкулович актап: "Бүбүсара менен мен дээрлик бүт тагдырымды жоготконумду адамдар кайдан билсин?" – деген.
Бүбүсаранын арабыздан кеткенине жарым кылымга чукулдап калды. 46 жаш курагында – 1973-жылы 10-майда көзү өткөн. Бирок кыргыз балетинин ханышасынын эмгеги түбөлүк: Бүбүсара элдин эсинде, маданиятыбыздын барактарында, өзү таптап кеткен шакирттеринин, окуучуларынын кыймылдарында дале жашай бермекчи.
Автор
Карина Разетдинова

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Сүрөт
Sputnik, Александр Федоров, Мамлекеттик кинофонофотодокументтер борбордук архиви, Эрмек Бейшеналиевдин жеке архиви, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын расмий сайты, Жамин Акималиевдин жеке архиви.

Маалымат булагы
Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы" китеби,
ачык маалымат булактары.