№50 абактан 9 кылмышкер качкан кандуу окуя
Кимдер жазаланып, эмне өзгөрдү?


Мындан беш жыл мурун Чүйдөгү №50 абактан оор кылмыш жасаган тогуз киши качып чыгып, жарымы бир нече күн шаар аралап, тургундарды сестенткен эле.
Бул учурду көбү Достук кичи районунда жашынып, спецназдар менен атышкан Алтынбек Итибаевдин ысымын укканда эстешет. Резонанстуу окуяда жалпысынан 14 киши көз жумган. Арасында абак жетекчиси жана кызматкерлери, айыпкерлер, спецназ жана жай тургундар бар.

2015-жылы 12-октябрга караган түнү болгон каргашанын соттук иштери эки-үч жылга чейин созулган. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бул учурду баштан аяк баяндап, окуянын алкагында кимдер жаза алганын жана азыр түрмөдө кимдер отурганын аныктады.

Ошондой эле каргашадан кийин ЖАМК системасында кандай өзгөрүү болгонун, эми кылмышкерлердин сыртка качып чыкпашы үчүн эмнелерди аткаруу керектигин билди.

Каргашалуу 11-12-октябрь
Бишкектин четиндеги №50 абактан 9 кылмышкер качкандыгы тууралуу маалыматты шаардыктардын көбү эртең менен уккан. Абактагылар 11-октябрь күнү болжол менен саат 23:00дөрдө эркиндикке чыгуу аракетин баштап, 12-ноябрга караган түнү түрмөнүн үч кызматкерин өлтүрүп, бирин жарадар кылып бошонуп кетишкен.

№50 абак Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз (мурдагы Алга) айылында жайгашып, аны ЖАМК 2012-жылы өтө оор кылмыштарды жасагандар менен өмүрүнүн акырына чейин кесилгендер үчүн салган. Ал абактын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, террорчулар жана экстремисттер кармалат. Бийлик мындай абактарды курууга 2008-жылдан тарта көңүл бура баштаган.

Кылмышкерлердин качуу планы
Ошол убакта ЖАМКта иштеген ишенимдүү адамдын айтымында, саат 23:00дөр чамасында камактагы үч киши отурган камеранын эшигин түрмөнүн кызматкери ачкан. Себеби алардын бири ичим ооруп жатат деп чабалактап кыйналган түр көрсөткөн болушу ыктымал. Кылмышкерлер каалга ачылары менен майорго кол салып, шейшеп менен байлап алып сабашкан. Дал ушул кызматкерде калган камералар менен кылмышкер отуруп качкан автоунаанын ачкычы бар болчу. Андан соң кылмышкерлер майорду муунтуп өлтүрүшкөн.

Абактын экинчи кызматкери шек санап басып келгенде, беркилер аны да муунтуп салышат. Түрмөдөгүлөр үчүнчү кызматкерди акмалап туруп, келгенден кийин анын да көзүн тазалашкан.

Колуна башка камералардын ачкычы тийгенден кийин үч канкор аларга "тиешелүү" эшиктерди ачып, камералардан керектүү кишилерди алып чыгышкан. Арасында булар менен кошо кетүүдөн баш тартып, себебин "бул ишке катышкысы келбегендиги" менен түшүндүргөндөр болгон. Ошентип эркиндикке баш-аягы болуп тогуз киши качып чыккан.

Кылмышкерлер коридорду кесип өтүп, рубильникке жетишет да, түрмө боюнча жарыкты өчүрүшөт. Алар түрмөнүн короосуна чейин барып, караңгыдан пайдаланып, 100 метр аралыкта жайгашкан мекеменин администрациясына жетет.

Качкандар администрациянын имаратынан ЖАМКтын төртүнчү кызматкерине туш келишет. Алар буйдалбастан туруп, аны башы менен дубал сүздүрүп, мойнун сындырат.
Качкындар бухгалтериянын кабинетинин терезесиндеги темир торду сындырып, түрмөдөн сыртка чыгып, күзөт мунарасындагы автоматчан аскерлердин көзүнө чалдыгат. Күзөттөгүлөрдүн огунан качкандардын бири жарадар болот.

Тогуз качкын бир жарадары менен автоунаага түшүп качып жөнөйт. 12-октябрга караган түнү №50 түрмөдө чуу көтөрүлүп, "Перехват" планы жарыяланат.

Абактагылар качып жаткан кезде бүтүндөй объект боюнча жарык өчкөндөн тышкары көзөмөл камералары да иштеген эмес. ЖАМКтын ошол кездеги башкы оперативдүү тартиптик башкармалыгынын жетекчиси Саламат Абдиев жарыкты өчүрчү рубильникти камерадан качып чыккандар басып салганын, кээде аба ырайына байланыштуу да жарык өчүп калып турганын айткан. Ал эми камералар окуяга чейин эле иштебей калганын билдирген. Эмнеге көзөмөл системасы иштебей калганын кийинчерээк сөз кылабыз.

Түрмөдөн качып чыккандар төмөнкүлөр экени белгилүү болгон:

Алтынбек Итибаев;

Эдил Абдрахманов;

Азамат Мусуралиев;

Данияр Кадыралиев;

Таалайбек Жуманов;

Муратбек Жумалиев;

Бакыт Кенжекулов;

Музаффар Уринов;

Болот Курбанахунов.

Тогуз кылмышкердин бешөө ошол түнү колго түшкөн
12-октябрда түнкү бирлерде Чүй облусунун Жол кайгуул кызматына кылмышкерлер качканы тууралуу маалымат түшөт. Инспекторлор Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунааны Алматы көчөсүнүн аягындагы айланма жолдон байкап, артынан түшөт. Токтотууга берилген белги менен асманга атылган окко карабай, качкындар ылдамдыкты жогорулатышат.
Сая түшкөн куугундан кийин Чүй милициясынын Жол кайгуул кызматы менен Жол көзөмөл кызматынын кызматкерлеринен турган ыкчам топ №50 түрмөдөн качкан 5 кылмышкерди кармайт. Алардын экөө автоунаадан түшө качканга үлгүрөт. Андан мурда качкандардын экөө автоунаадан түшүп калып, тааныштары жашаган Ленин айылындагы үйлөрдүн бирин көздөй жөнөгөн болот. Жалпысы болуп эркиндикте төрт кылмышкер калат. Аларды кармоо үчүн бардык күч түзүмдөрү иштеп баштаган.

Түрмөдөн качкандар "Жайшуль-Махди" террордук уюмунун мүчөлөрү болгон
№50 тергөө абагынан качкан төрт кылмышкерге диний экстремизм жана терроризм боюнча кылмыш иши козголуп, эркинен ажыратылган. Алтынбек Итибаев, Эдил Абдрахманов, Азамат Мусуралиев "Жайшуль-Махди" партиясынын мүчөлөрү болсо, Данияр Кадыралиевдин да ал уюмга катыштыгы бар экендиги маалымдалган. Качкындардын жетөө өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылса, дагы экөөнүн үстүнөн тергөө аяктай элек болчу.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Марат Иманкулов билдиргендей, "Жайшуль-Махди" уюмун кыргызстандык жарандар түптөгөн. Алардын мүчөлөрү 2010-жылдын ноябрь айында Кожомкул атындагы Спорт сарайынын жанында жардыруу уюштурган. Уюм 2012-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминен кийин террордук уюм деп таанылып, Кыргызстанда тыюу салынган.

Кылмышкерлерди абак кызматкерлери качырганбы?
Ички иштер министрлиги алдын ала маалыматтарга таянуу менен №50 абактан кылмышкерлердин качып чыгышына мекеменин кызматкерлери күнөөлүү болушу ыктымалдыгын билдирген. Тагыраагы, мекеменин кызматкерлери кылмышкерлерди камерадан чыгарып, ээн-эркин жүрүшүнө уруксат берип койгон.

Башкы прокуратура кылмышкерлердин качуусунан улам Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин ("Шалаакылык") негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал эми ЖАМК 9 кылмышкердин качуусуна абактын күзөт кызматкерлеринин тийиштиги бар-жогун тергөө текшерип жатканын билдирген.

Качкындар боюнча эксперттердин пикири
Ошол 2015-жылы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова өлкө аймагындагы түрмөлөрдүн коопсуздук маселеси курч туруп, абалы начар болгондуктан кылмышкерлер качып кеткенин айткан. "Мындай окуянын болушу күтүүсүздүк деле болгон жок. Бул болушу ыктымал болгон көрүнүш эле", — деген ал.

ЖАМКтын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Ольга Юндун айтымында, абак жайларындагы кызматкерлерге жана кылмышкерлерге психологиялык жардам берилиши керек. Юн абактарда жаткандар менен психологиялык жана социалдык адаптациялоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, түрмөдөн чыккандар жай турмушка көнө албай, кайра эле кылмышка барып жатканын белгилеген.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Марат Иманкуловдун айтымында, өзгөчө оор кылмыш жасагандардын түрмөдөн качышы — ЖАМК системасында тартиптин начарлашынан кабар берет.

"Демек, анын ичиндеги режим бузулуп, тартип таптакыр жок болуп калган. Экинчиден, ошол жердегилер менен сүйлөшүп алышы мүмкүн деген вариант бар. Мен аны туура деп айта албайм, себеби ал жерде үч адам каза болуп жатат", — деген Иманкулов.

Генерал-майор кылмышкердин мындай кандуу кадамга барышына жогорудагы факторлордон сырткары, дүйнөдөгү радикалдык уюмдар түзүп жаткан кырдаал таасирин тийгизгенин белгилеген.

Ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев ЖАМК системасын реформалоо муктаждыгын айткан.

УКМК 300 миң сом, ИИМ 1 миллион сом сыйлык убадалаган
12-13-октябрь күндөрү 50-түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлер Чүй облусу жана Бишкек боюнча изделген. Буга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү күчөткөн. Ошондой эле Казакстандын Чек ара кызматы Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы көзөмөлдү катуулаткан. Андан тышкары, Жамбыл облусунун милициясы да кылмышкерлерди колго түшүрүү планын жарыялаган.

14-октябрда милиция качкын кылмышкерди Курманжан датка көчөсүн бойлой жайгашкан Ботаникалык бактан издеп, бирок андан эч натыйжа болгон эмес. Ал жакка кинологдор менен спецназдар барышкан.
Ал арада кылмышкерлердин жашынган жерин айткан жарандарга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 300 миң сом акчалай сыйлык бере турганын жар салган.

Бир нече күндөн кийин ИИМ түрмөдөн качкан кооптуу кылмышкерлердин жайгашкан жери тууралуу маалымат үчүн 1 миллион сом сыйлык бериле турганын убадалаган. Ошондой эле министр Мелис Турганбаев качкан кылмышкерлерди жаап-жашыргандар мыйзам чегинде жооп бере турганын эске салган.

Түрмөдөн качкан кылмышкерлер 10 баланы жетим калтырды
16-октябрь күнү эртең менен түрмөдөн качкан кылмышкерлердин колунан оор жарадар болгон №50 абактын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиев ооруканада каза болгон. Дарыгерлер баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен Абылгазиевди Чүй облустук ооруканадан Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которуп, ага эки ирет — 13-октябрда, андан эки күндөн кийин 15-октябрда операция жасашкан. Бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Кылмышкерлер түрмөдөн качып баратып ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүргөнү белгилүү. Ошону менен жалпысынан 10 баланы жетим калтырышты.


Майор Таалайбек Өмүрзаков. 1969-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жаза аткаруу кызматында 2007-жылдан бери кызмат өтөп келген. Артында аялы төрт баласы менен калды.
Прапорщик Туратбек Садыбакасов. 1978-жылы Балыкчы шаарында туулган. 2007-жылдан бери аталган кызматта эмгектенип келген. Артында аялы, эки баласы калды.
Старшина Орозбек уулу Фархат. 1978-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Жаза аткаруу кызматында 2010-жылдан бери иштеген. Артында аялы беш айлык баласы менен калды.
Тилек Абылгазиев. Ал 1972-жылы Нарын шаарында туулган. Аталган кызматта 1998-жылдан бери эмгек өтөп келген. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы эле.
Түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин колунан каза тапкандарга өкмөт 50 миң, президент 50 миң сом бөлгөн. Учурда айрымдарына үй берилген.

Мусуралиев менен Кадыралиевдин жок кылынышы
Ошол эле 16-октябрь күнү милиция "Дордой" базары менен Энесай жаңы конушун курчоого алып тинткен. Көп өтпөй кылмышкердин бири Азамат Мусуралиев Дордой-1 конушунда жок кылынганы айтылган. Бирок ал Мусуралиев эмес, Данияр Кадыралиев экени такталган.
Кароосуз калган үйлөрдүн биринен кармалган Кадыралиев милицияга бычак менен каршылык көрсөтүүгө аракет кылганда ага ок чыгарылган.

Ошол эле күнү Дордой, Энесай жаңы конуштарынан качкындардын бири Азамат Мусуралиев изделген. Спецназ шек жараткан көчөлөрдө түрмөдөн качкандарды табуу үчүн үймө-үй тинтип, кинологдор аймактагы талааларды, калың камыштарды түп көтөрө кыдырып, милиция жылаңайлак суу кечип издеген.
Көпкө чейин эсте калган картина – үймө-үй тинтип жаткан аскерлер менен катар эле жайбаракат маанайда жергиликтүү жашоочулардын, окуучулардын, ал тургай эмчектеги балдарын көтөргөн келиндердин көчөдө жүргөндүгү болгон.

Ошол 16-октябрь күнү милиция шектүү аймакты түнү бою күзөткөн. 17-октябрь күнү да милиция түрө издеп, тапкан эмес.

20-октябрь күнү кылмышкерлерди Бишкек шаарынын жаңы конуштарында, калаанын тегерегиндеги аймактардагы дачаларда издөө иштери улантылган. Издөө операциясына ИИМдин миңге жакын кызматкерлери тартылган. Ага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин атайын даярдыктагы СОБР отряды, кинологдор, министрликтин атчандар взводу, андан сырткары, Жаза аткаруу кызматы катышкан.

20-октябрь күнү түрмөдөн качып издөөгө алынган кылмышкердин бири Азамат Мусуралиев Сокулук районунда Ыраакы Шорго айылындагы мал сарайдын биринде жашырынып жаткан жеринен жок кылынган.
Кармоо учурунда укук коргоо органдарына каршылык көрсөткөндүктөн, милиция кызматкерлери ага 11 жолу ок аткан. Ошол эле аймактан Алтынбек Итибаев изделген.

Абактын ичинен 3 качкын көз жумган
Ошол эле 20-октябрь күнү ЖАМК түрмөдөн качып кармалган беш кылмышкердин бири Таалайбек Жуманов жүрөк оорудан каза болгонун айткан. Эртеси, 21-октябрь күнү, Бакыт Кенжекуловдун да жүрөгү кармап каза болгонун билдиришкен. Качкындардын үчүнчүсү Муратбек Жумалиев да ден соолугу кескин начарлап көз жумган.

Түрмөдөн каза болгон үч качкын кылмышкердин өлүмүнүн себептерин Башкы прокуратура иликтеп баштаган.

№50 абактын жетекчилиги иштен кеткен
21-октябрь күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловдун буйругу менен 50-түрмөнүн жетекчилиги жумуштан кетип, жеке курамы алмашкан.

ЖАМК кызматкерлер тогуз кылмышкердин түрмөдөн качып чыгышына жол берилгенинен улам жумуштан бошотулганын билдирген.

Мындан тышкары, ЖАМК системасын реформалоонун алкагында төрт түзөтүү колонияларынын жетекчилери кызматтан бошотулган.

Эдил Абдрахманов тирүү кармалган
22-октябрь күнү түштөн кийин качкын кылмышкерлердин бири, 29 жаштагы Эдил Абдрахманов Ала-Тоо айылында кармалган. Аймактык милициянын кызматкерлери совхоздун көчөлөрүнүн биринен шектүү адамды байкап калышкан. Токтотууга аракет кылганда Абдрахманов талааны көздөй качып, бутка ок жеген. Колго түшкөндөн кийин ок тийген бутун кармап алып, оорусуна чыдабай кыйкырганы видеого тартылган.
Окуя болгон жерге ИИМ кызматкерлери келип, кармалган адамдын жанынан оюнчук тапанча менен бирге "Ислам мамлекети" террордук топтун желегин табышкан.

Оңой менен багынбаган Алтынбек Итибаев
22-октябрь күнү түрмөдөн качып из жашырууга үлгүргөн төрт кылмышкердин акыркысы Алтынбек Итибаев Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында изделген. Бул жакка ал досунукуна конокко келгени айтылган.

Кечке жуук Итибаев Достук кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн ичинде жашынып жатканы аныкталып, ал жакты спецназ курчоого алып, жашоочулар сыртка чыгарылган. Атышуу жүргөн. Алгач Итибаевдин жалгыз эместиги, ага жардам бергендер болушу мүмкүндүгү айтылган.
Итибаев багынып бербей, күч түзүмдөрү аны кармоонун экинчи вариантына киришкен. Үч саатка созулган операцияны министр Мелис Турганбаев өзү жетектеген. Түнкү 11лерде Итибаев жок кылынган. Ал батирдин ичинде жалгыз эле каршылык көрсөтүп жатканы аныкталган.
Тилекке каршы, операциянын жүрүшүндө милициянын бир кызматкери курман болгон. Ошондой эле жай тургундар — Батыш Койчуманова жана Медет Какеев аттуу бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү каза тапкан. Алар кайнене менен күйөө баласы болгон.

Төлөбек Исмаиловду жоокерлер көзгө жаш алып узатышы
Түрмөдөн качып чыккан кылмышкер Алтынбек Итибаевди жок кылуу операциясында атайын даярдыктагы ыкчам отряддын жоокери Төлөбек Исмаиловдун курман болгону белгилүү болгон. Анын артында аялы жана үч баласы калды.

37 жашында курман болгон жоокерди министр Мелис Турганбаев баштаган жетекчилер көзгө жаш алуу менен эскерип, сөөгүн кичи мекени Нарынга жөнөтүшкөн.
Исмаилов 2006-жылы Эрдик медалы менен сыйланган. ИИМ менен УКМКнын бир катар ардак грамоталарына да татыган.

Курман болгон жоокердин үй-бүлөсүнө президент бир миллион, ал эми өкмөт 50 миң сом бөлүп берген. Ошондой эле үй-бүлөсүнө өкмөт үч бөлмөлүү үй берген.

№50 абактын башчысынын чуулуу өлүмү
12-ноябрда №50 түрмөнүн жетекчиси Иманкул Телтаев аталган абактан качып чыккан кылмышкерлердин иши боюнча кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилет. Андан кийин Биринчи май райондук сотунун токтому менен №1 тергөө абагына камалат.

Камакка алынгандан кийин Телтаевдин ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылган. ЖАМК 20-ноябрда эртең менен тергөө абагынын медициналык бөлүгүнүн палатасында Телтаев асынып алганын билдирет. Анын сөөгүн нөөмөтчү биринчи болуп аныктаган.

Башкы прокуратура Телтаевдин өлүмү боюнча №1 тергөө абагынын убактылуу жетекчисине жана бөлүм башчысына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козгогон. Прокуратура аталган абактын жетекчисинин милдетин аткарган киши ички эрежени бузуп, нөөмөттө турган жардамчысы менен дарыгерге Телтаевди санитардык бөлмөгө киргизүү боюнча оозеки тапшырма бергенин, мындан улам ал кайтаруусуз калганын билдирген.

Премьер-министр Темир Сариев Телтаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев менен ЖАМК башчысы Алик Мамыркуловго тапшырган.

Окуяда 14 киши өмүрү менен кош айтышкан
Ошентип, №50 түрмөдөн качкан кылмышкерлердин окуясында жалпы 14 киши көз жумду. Алар абак жетекчиси Иманкул Телтаев, кызматкерлери: Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Фархат Орозбек уулу, Тилек Абылгазиев, абактын сыртынан жок кылынгандар: Азамат Мусуралиев, Данияр Кадыралиев, Алтынбек Итибаев, түрмөнүн ичинен көз жумгандар: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжекулов, спецназ Төлөбек Исмаилов жана жай тургундар — Батыш Койчуманова менен Медет Какеев болду.


ҮЧ ЖЫЛГА СОЗУЛГАН СОТТУК ИШТЕР
Телтаевдин кылмыш иши эмне болду?
Тогуз кылмышкер качкан №50 түрмөнүн жетекчиси Иманкул Телтаевдин №1 тергөө абагында муунуп каза табышы боюнча соттун акыркы чечими 2018-жылы чыккан. Биринчи тергөө абагынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгонун белгилей кетели.
Алгач 2017-жылдын 21-июлунда Октябрь райондук соту №1 тергөө абагынын жетекчисинин милдетин аткаруучу (Б.Т.С.) менен бөлүм башчыга (Ч.М.Ш.) 300 миң сом айып тагып, эркиндикке коё берген чечимди чыгарган. Буга нааразы болгон Иманкул Телтаевдин уулу Улан Телтаев Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясына доо арыз менен кайрылып, бирок майнап чыккан эмес. 2018-жылы 5-июнда Жогорку сот чечимди күчүндө калтырган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Телтаевдин өлүмүнүн себеби боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроосуна төмөнкүчө жооп берди.

"Кооптуу кылмышкерлердин өзгөчө кайтарылган абак жайынан качып кетиши, анда төрт кызматкердин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү — мунун бардыгына жоопкерчиликти сезген аскер полковниги Иманкул Телтаев моралдык-психологиялык стрессти көтөрө албай, натыйжада ал өз жанын кыйган", — деп билдирди ЖАМК.

Кылмышкерлердин качышы боюнча кимдер жазаланды?
Башкы прокуратура №50 абактын Т.К. менен Ж.С. аттуу кызматкерлеринин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишти Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп берген.

ЖАМКтын маалыматы боюнча, №50 абактын режим жана коопсуздук бөлүмүнүн контролёру, улук сержант Т.К. Аламүдүн райондук соту тарабынан 2018-жылдын 3-майында Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү") негизинде 4 жылга эркинен ажыратылып, абакка отургузулган.

Ал 2019-жылы 24-апрелде Октябрь райондук сотунун чечими менен жаза мөөнөтүн өтөп бүтүүгө 11 ай 3 күн калганда шарттуу түрдө бошотулган. Тагыраагы, кийинки кадамдары пробациянын көзөмөлүнө алынган.

№50 абактын режим жана коопсуздук бөлүмүнүн контролёру, сержант Ж.С. Аламүдүн райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнө ("Байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келүү") ылайык, түзөтүү колониясына 2 жылга кесилген.

Ал 2019-жылдын 7-августунда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен жаза мөөнөтүн өтөп бүтүүгө 10 ай 6 күн калганда шарттуу түрдө бошоп, пробациянын көзөмөлүнө алынган.

Тогуз кылмышкердин үчөө азыр абакта
Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 29-июнундагы өкүмүнө ылайык, Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов жана Болот Курбанахунов Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү"), 340-беренеси ("Укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматчысын өлтүрүү"), 345-беренеси ("Жазаларды аткаруу тутумундагы мекемелердин кадыресе ишине тоскоолдук келтирүү") жана дагы бир катар беренелер менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлктөрү конфискацияланган.
Итибаевди жаап-жашыргандар кесилген
Свердлов райондук сотунун дагы бир чечими менен Бишкекте Алтынбек Итибаевди коштоп жүргөн Максат Абдрахманов Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси ("Кылмышты жаап-жашыруу") менен төрт жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкек шаардык сотуна кайрылганы менен чечим өзгөртүлгөн эмес.

"Достук" кичи районунда Алтынбек Итибаев жашынган батирдин ээси Нурсият Рыспекова да кылмышты жаап-жашырды деп төрт жылга кесилген.

Спецназ менен эки жай тургундун өлүмүнө ким жооп берди?
Башкы прокуратуранын билдиришинче, кылмышкер Алтынбек Итибаев "Достук" кичи районунда 8 "Б" үйүндө аны кармоо операциясында укук коргоо органдарына ок атуучу курал менен катуу каршылык көрсөткөн. Ошол убакта ИИМдин спецназы Төлөбек Исмаилов окко учкан. 2015-жылдын 23-октябрында бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Итибаев каза болгондон улам өндүрүштөн кыскартылган.

Ошол эле операцияда көз жумган жай тургундар — Батыш Койчуманова жана Медет Какеев боюнча да 23-октябрда кылмыш иши козголгон. Тергөөдө ИИМ кызматкерлеринин аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы бар экендиги аныкталган.

Жыйынтыгында жабыр тартуучу тарап жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгы үчүн кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

Абакта жатып өлгөн 3 кылмышкер боюнча
Башкы прокуратуранын билдиришинче, 2015-жылы 20-октябрда абактардан саат 09:30да Жуманов, 21-октябрда саат 04:50дө Кенжегулов, ал эми саат 14:10до Жумалиев көз жумган.

Үчөөнүн өлүмү боюнча Башкы прокуратура 2015-жылы 2-декабрда кылмыш ишин козгогон.

Бирок айыпкер катарында жаза тартууга тийиш болгон адамды аныктоо мүмкүн болбогондуктан кылмыш ишин тергөө убактылуу токтотулган.
КАНДУУ ОКУЯДАН КИЙИН ЭМНЕ ӨЗГӨРДҮ
№ 50 абакта эми камералар иштеп жатабы?
2013-жылы №50 абакка Ички иштер министрлигинин буюртмасы жана "Мегаком" уюлдук операторунун каржылоосу менен "Дельта профи" ЖЧКсынын видеокөзөмөл тутуму орнотулган. Анда мекеме жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү мониторго жана видеокаттагычка туташкан 6 видеокамера орнотулган.

Түрмөнүн башчысы Иманкул Телтаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 2015-жылдын 22-июнунда видеобайкоо тутумунун видеокаттагычы иштебей калгандыгы жөнүндө кат жолдоп, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн адистерди жөнөтүүнү суранган.

Бир жумадан кийин ЖАМКтын Материалдык-техникалык камсыздоо башкы башкармалыгынын (ГУМТО) байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери видеокаттагычты келип текшерип кетишкен. Анын жыйынтыгында 220 В тармагындагы чыңалуунун төмөндөшүнөн улам видеокаттагыч иштен чыккандыгы аныкталып, акт түзүлгөн. Абак кызматкерлери жабдыкты өз алдынча оңдой алышкан эмес. Каражаттын жоктугунан кыска убакытта жаңы видеокаттагычты сатып алууга да мүмкүн эмес болгон.

2015-жылдын октябрь айында кылмышкерлер качып кеткен учурда мекемедеги видеобайкоо тутуму үч айдан ашык убакыттан бери иштебей турган.

Бүгүнкү күндө мекемеде онлайн режимде көрүп, жаздырып алган 20 көзөмөл камерасы иштеп, ага ЖАМКтын Мониторинг жана анализ борбору байкоо салып турат.

Ошондой эле №50 абакта мекеменин тышкы коопсуздугун камсыздоо үчүн 4 пост коюлуп, анда куралдуу кызматкерлер турушат. Мекеменин коопсуздук имаратында 3 ички пост бар. Мекеменин бардык постунда кадимки вариантта кызмат өтөгөндө 16 кызматкер иштесе, күчөтүлгөн тартипте 19 кызматкер иштейт.

Окуядан кийин ЖАМК системасында эмне өзгөрдү?
Тогуз кылмышкер качкандан кийин ошол кездеги өкмөт башчы менен эксперттер жаза аткаруу тутумун реформалоо зарылчылыгын айтканы маалым. Редакция ЖАМКка окуядан кийин бул тармакта эмнелер өзгөргөнү боюнча сурам жиберген.

№50 тергөө абагындагы кайгылуу окуялардан кийин Жаза аткаруу системасындагы абал кризистик жана ага мамлекеттик органдардын токтоосуз кийлигишүүсү талап кылынат деп бааланып, 2016-жылдын 30-апрелинде Коргоо кеңешинин отурумунда жаза аткаруу тутумунда жаңы системалык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу зарылдыгы белгиленген.

Натыйжада 2016-жылдын 30-апрелинде Коргоо кеңешинин "Кыргыз Республикасынын жазык тутумунун иштешин камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" чечими кабыл алынган.

Бул чечимдин алкагында кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 478 токтому менен "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү" стратегиясы кабыл алынган.

Ал жазаларды аткаруу системасын модернизациялоону, анын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууну, жаңы жазык-аткаруу мыйзамдарына, соттолгондорго мамиле кылуу боюнча эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык соттолгондорду түзөтүү механизмдерин жана каражаттарын аныктоону карайт.

1. Ушул чечимдин жана терроризм менен диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында коркунучтуу кылмышкерлер кармала турчу үч абакты камералык типтеги жайга айландыруу менен оңдоп-түзөө жана куруу иштери жүргүзүлгөн. Ремонттон Беловодское айылындагы №16, Молдовановка айылындагы № 27 жана Бишкектеги №47 абак өткөн.

2. №19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармоо үчүн атайын күзөт комплексинин биринчи күзөт имараты пайдаланууга берилди.

3. 2019-жылдын 1-январында КРдин Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстери күчүнө кирди, анда төмөнкү жаңы нерселер каралган:

— шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу системасы күчөтүлдү;

— пенитенциардык тутумдун түзөтүү мекемелеринин градациясы өзгөртүлгөн, тагыраагы, күчөтүлгөн режимдеги колония жана дарылоо-профилактикалык мекеме түшүнүктөрү алып салынган. Соттолгондордун айрым категориялары үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү өкүмдөрдү аткаруунун прогрессивдүү системасы кайра каралган. Тагыраагы, КРдин Жазык аткаруу кодексинин 73, 87, 101-беренелерине ылайык, соттолгондорду катаал, жөнөкөй, жеңилдетилген шарттарда кармоо тартиби өзгөртүлгөн.

4. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ведомстволук мекемелериндеги оперативдик кырдаалга борборлоштурулган мониторинг жүргүзүү (видеокөзөмөл) түзүлгөн. Ал ЖАМКтын Мониторинг жана анализ борбору деп аталат.

Аталган борбор программалык камсыздоо аркылуу ыкчам маалыматтарды талдап, ЖАМКтын ыкчам жана башка бөлүмдөрүнө укук бузуулардын, анын ичинде коррупциянын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча жардам көрсөтөт.

Учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борбору 844 көзөмөл камера менен № 1, 2, 3, 8, 10, 14, 16, 19, 21, 23, 24, 25, 26, 27, 31, 32, 38, 39, 42, 43, 44, 45, 47, 50, 51, 52, 53 түзөтүү мекемелеринде абалды онлайн режимде көрүп, жаздырып турат.

Бул иштин алкагында ЖАМКтын мекемелериндеги атайын контингент жана кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу фактыларын азайтуу боюнча оң тенденция байкалып жатканы белгиленди.
ЖАМК: каржылоонун жетишсиздиги кайгылуу окуяларга себепчи
Sputnik Кыргызстан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кылмышкерлер качышына эмнелер себеп болгонун сураган. Мекеме ага ар тараптуу жооп узатты.

ЖАМК белгилегендей, өлкөнүн пенитенциардык тутуму көп жылдар бою мурдагы советтик республикалар сыяктуу бир катар кыйынчылыктарга туш болду, мисалы:

— абактагыларды кармоо үчүн материалдык жана инфраструктуралык шарттын жетишсиздиги;

— республикалык бюджеттен жетишсиз каржылоо;

— түрмөдөгүлөрдү категориялар боюнча бөлүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;

— өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу камактагыларды масштабдуу жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;

— кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги жана башка.

ЖАМК каржылоонун жетишсиздиги акыркы 30 жыл ичинде жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери үчүн эң көйгөйлүү маселелердин бири болгонун белгиледи.

Каржылоо болжолдонгон муктаждыктын орточо эсеп менен алганда 38-39% деңгээлинде аткарылат. Бул жазык-аткаруу тутумунун жашоосун камсыз кылуу маселелерин толук кандуу чечүүгө мүмкүндүк бербейт. Жылдык минималдуу каржылоо коомдогу контингент жана коопсуздукту изоляциялоо боюнча милдеттердин аткарылышын толук камсыз кылууга көмөктөшпөгөн олуттуу көйгөйлөргө алып келет. Бөлүнгөн каражат биринчи кезекте соттолгондорду жарым-жартылай камсыз кылууга багытталат, ал эми чыгашанын корголбогон беренелери боюнча каражат калдык негизде бөлүнөт.

Буга байланыштуу жаңы мекемелердин курулушу каралбай, анын ичинде №19 абактын атайын комплексинин салынышы кечеңдеп жатат.

Жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жалпы инфраструктурасы боюнча кырдаал оор. Турак жай сектору, коммуналдык-тиричилик чарба жана энергетика чарбачылыгы элементардык талаптарга жооп бербейт.

Түзөтүү колонияларындагы имараттардын жана курулмалар 50-80 жыл мурун салынган. Ошол эле учурда 2015-жылга чейин курулушка жана капиталдык ремонтко каражат бөлүү болжолдуу муктаждыктын 8-9% түзгөн.

Кырдаал канализация, суу менен камсыздоо, жылытуу жана энергетикалык чарба тутумдарында, абактагы Күзөттүн инженердик-техникалык каражаттарында (ИТСО) да ушундай.

15 мекеменин негизги тосмосунун көйгөйлүү аймактарынын узундугу 15 581 метрден ашат. Алар кулап, туткундардын качып кетүү коркунучу жаралышы мүмкүн.

Өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана техникалык жактан жабдуу, ошондой эле мобилдик байланышты басуу жана видеобайкоо жүргүзүү каражаттарын орнотуу талап кылынат. Бул иш-чаралар коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде стратегиялык объектилерди террорчулуктан коргоо максатынан улам актуалдуулукка ээ болду.
Автор
Гульдана Талантбекова

Сүрөт, видео
ЖАМК, ИИМ, Табылды Кадырбеков, Каныбек Бейшенбеков, Joe Gratz

Дизайн
Евгений Волохов