08:37 16 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.3282
  • EUR79.4315
  • RUB1.0969

Нарын деген кызды элестете аласызбы? Ош деген селкиничи? Sputnik Кыргызстан стилисттер Ирина Федоренко, Елена Редько жана Марлес Устабаев менен бирге кыздарды Кыргызстандын эң бөтөнчө картасына айландырды.

Тапшырма мындай болду: карамагыңызда жети кыз, боёк-упа жана Кыргызстанын жети облусу бар. Моделдердин ар бири бирден аймакты элестетиши керек. Албетте, Ысык-Көл облусун кандай кылып беришти баары билет: деңиздей көк түс жана ак көбүктүү толкундар болсо жетет. 

Ал эми Таластын же Нарындын өзгөчөлүгүн кантип бересиз? Иш жүзүндө баары ойлогондой жеңил болгон жок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин балдары менен стилисттер идеяны ишке ашыруу үчүн бир топ баш катырышты. 

Ар бир кыз менен иштөөгө төрт сааттан жети саатка чейин убакыт кетти. Мындай катаал чыгармачыл толгонуулардын натыйжасын көрүш үчүн, сүрөттүн борборунда жайгашкан "Кароону башта" деген сары-кызыл кнопканы басыңыз. Материал экранга толук ачылат. 

Сиздин каражатыңызда кнопка кайсы бир себеп менен иштебесе, кийинки шилтеме аркылуу кириңиз.

Кыргызстандын аймактарынын кооздугу тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik агенттигинин "Кыргызстанга саякат" лонгридинде билсеңиздер болот>>

Белгилер:
боди-арт, сулуулук, кыздар, чыгармачылык, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу, Баткен облусу, Ош облусу, Талас району, Нарын облусу, Чүй облусу, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

  • Кордоп туруп кызды асып салгысы келген
    Акыркы жаңылоо: 11:00 12.07.2018
    11:00 12.07.2018

    Кордоп туруп кызды асып салгысы келген. Жан кейиткен үч тагдыр

    "Зордукталган кыз-келиндер арыздануудан эмнеге баш тартары түшүнүктүү. Арыз жазганы кайрылганда эле тергөөчүлөр байкушка "элге уят болору" тууралуу эскертип киришет" деп кейишет үч тажрыйбалуу жактоочу. Алардын эмгек чыйырында төбө чачты тик тургузган эмне деген гана иштер жок.

    5284
  • Лонгрид: Күйөөмдүн көмгүдөй эч нерсеси калбаптыр...
    Акыркы жаңылоо: 14:56 29.06.2018
    14:56 29.06.2018

    Күйөөмдүн көмгүдөй эч нерсеси калбаптыр... Сүлүктү. Шахтерлор шаарынан 8 баян

    Айына бул шаардын жок эле дегенде бир тургуну жер алдында көмүр казып жатып каза болот. Шахтёрлордун жумушу бардык мезгилде эле ушундай оор, кооптуу болуп келген. Жада калса аларды Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фронтко алышчу эмес экен, анткени алардын бул жерде өздөрүнүн согушу, өздөрүнүн фронту бар болчу.

    3438
  • Жети облустун каалаган жерине сапар алыңыз
    Акыркы жаңылоо: 13:22 14.06.2018
    13:22 14.06.2018

    Эки жакка чыгып эс алабыз. Тандаңыз. Жети облустун каалаган жерине сапар алыңыз

    Июнь ортолоп калды, андан ары жай мезгилине өтөбүз. Бул күндөрү кыргызстандыктар үчүн шаар сыртына, жаратылыш койнунда эс алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Sputnik Кыргызстан окурмандарга дем алыш күндөрү, эмгек өргүү учурунда эки жакка чыгып, эс алып келе турган жерлерди сунуштайт.

    1890
  • Лонгрид: Лексусту чанып Хаммер минчүбүз — Кыргызстандагы кыштактын баяны
    Акыркы жаңылоо: 14:00 07.06.2018
    14:00 07.06.2018

    "Лексусту" чанып "Хаммер" минчүбүз — Кыргызстандагы кыштактын баяны

    Асель Минбаева

    Кулунду айылынын жашоочулары бир нече жыл илгери Москвага барып, соода кылып келүү үчүн учак ижаралашчу. Алардын айтымында, атагы чыккан "Виа Гра" айылдын сахнасында ыр созсо, турак үйлөрдүн баасы заматта Бишкектегиден да асмандап кеткен.

    10840

ЭҢ МААНИЛҮҮ