Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: күйкөнүн алгырын же куштун балтыр жүнүн "таканак" десе болот

© Sputnik / Даниил Сулайманов"Көөнө сөз" рубрикасы
Көөнө сөз рубрикасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Таканак деген — алгыр куштун балтыр жүнү. Дагы бир маанисинде күйкөнүн алгыры катары айтылат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Талантбеков: күйкөнүн алгырын же куштун балтыр жүнүн "таканак" десе болот
Анын айтымында, эпостогу көөнө сөздөрдү колдонуу менен сөз байлыкты кеңейтүүгө болот.
© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Манас" эпосунда көп кездешкен "таканак" деген сөз бар. Жакып, Чыйырды түш көргөндөгүсүндө "салоорлору сары алтын, таканак жүнү дагы алтын. Чырымтал жүнү чылк алтын" деп келип, аягында "алтымыш кулач жибек боо, үпкөлөп жүрүп багыпмын" деген саптар менен сүрөттөлөт. Бул жерде "таканак" деп алгыр куштун балтырына өскөн жүнү айтылууда. Бул сөздүн дагы бир маанисинде күйкөнүн кырааны катары белгиленет. Учурда салбуурун калкка кеңири тарап, кулачын жаюуда. Анын алкагында мүнүшкөрлүктө куштун балтырындагы жүнү дебестен "таканак" дегенди колдонууга болот", — деди Талантбеков.
Манасчы куштун төшү, канаты жана башка бөлүктөрүндөгү жүндөрүнүн аталышы бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0