Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "мажилис" сөзү кеңеш, жыйын деген маанини билдирет

© Sputnik / Асель СыдыковаКөйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
"Мажилис" деген сөз кеңеш, жыйын дегенди түшүндүрөт. Бул сөздү учурда көпчүлүк Казакстандын жогорку жыйыны катары билет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Талантбеков: "мажилис" сөзү кеңеш, жыйын деген маанини билдирет
Анын айтымында, өтмө мааниде "рахат алуу", "жандын жай алуусу" деп түшүнсө да болот.
"Үч муун, жети тамгадан турган "мажилис" деген сөз "Манас" эпосунда кездешет. Мунун түз мааниси кеңеш, жыйын дегенди түшүндүрөт. Эпосто "Эр Көкчө баштап мажилис" деген саптар бар. Ошондой эле өтмө мааниде "мажилиске батып" делет. Ал рахат алуу, кубанычка баткан адамды сыпаттоо катары колдонулат", — деди Талантбеков.
Учурда Казакстандын парламенти мажилис аталып жүрөт. Манасчы "мажилис" казак сөзү катары кабыл алынбашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0