Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп, анын маанисин түшүндүрдү.

"Жигин тартып көрүү" деген адамдын чама-чаркын билүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, эпосто макал-лакаптар, осуяттар, накыл сөздөр көп кездешет.

"Манаста "жигин тартып көрүү" деген көөнө сөз байма-бай кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Жигин билбей киргендей, жинди болду дейсиңби. Куру жолго жүргөндөй, кутуруп кетти дейсиңби" деген ыр саптары бар. Мындан улам аталган түшүнүк абалын, күчүн, кудуретин, чамасын билүү дегенди түшүндүрө турганын аңдасак болот. Эпосто душмандын чама-чаркын, ал-абалын, кудуретин аңдап-билүү — "жигин тартуу" деп берилген. Муну күнүмдүк турмушта тилдин көркөмдүгүн арттырууга көмөк катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда тиричиликте көптөгөн көөнө сөздөр колдонулбай калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0