Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920
Көөнө Сөз
“Көөнө сөз” рубрикасында “Манас” эпосунда кездешкен, күнүмдүк жашоодо колдонулбай калган сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилет.

Манасчы "cапсалга" деген сөздү чечмелеп берди

© Sputnik / Даниил СулаймановМанасчы "cапсалга" деген сөздү чечмелеп берди
Манасчы cапсалга деген сөздү чечмелеп берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп, түшүндүрүп берди.
Ачкычты топтоп байлаган зымды "cапсалга" деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Талантбеков: брелокту кыргызча "cапсалга" десе болот
Анын айтымында, бул сөздүн мындан башка да бир нече мааниси бар.
© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Эпосто кездешкен "сапсалга" деген сөздүн бир нече мааниси бар. Биринчиси — жылкыны быча турган жыгач. Дагы бир мааниси — адамды жазалоо үчүн колдонулган курал. Ал эми үчүнчү мааниси —  ачкычты топтоп байлаган зымды билдирет. Учурда ачкычтарды зымдан жасалган тоголок алкакка, башкача айтканда, брелокко киргизип алабыз. Анын аталышын деле көптөр биле бербейт. Мына ошол тоголок зымды "сапсалга" деп колдонсо эмнеге болбосун. Ошондой эле эпосто "сапсалгалоо" деген дагы кездешет. Ал бириктирип коюу, кошоктоп салуу деген маанини туюндурат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манас" баянындагы көөнө сөздөрдүн күнүмдүк турмушта көмөгү тие турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0