Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: кара же көгүш караны "ныл" деп коюшкан

© Sputnik / Асель СыдыковаКөйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто учурда колдонулбай калган өң-түскө байланыштуу айрым сөздөр бар экенин белгиледи.
Кара түс "Манас" эпосунда "ныл" деп колдонулган. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Талантбеков: кара же көгүш караны "ныл" деп коюшкан
Анын айтымында, аталган сөз бир нече мааниде колдонулат. "Эпосто "эки көзү ныл тартып" деген сөз бар. Мына ушул саптарда кездешкен "ныл" деген сөздү чечмелесек, кара дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле кара боек, кара көк, чымкый кара түстү дагы ушул сөз менен сүрөттөшкөн. Көпчүлүк учурда бул сөз өң, түстү билдиргени менен дагы бир маанисинде көздү чел басып, анын көрбөй калуусун дагы түшүндүргөн", — деди Талантбеков.
Манасчы Таласта Нылды-Ата мазары деген жер бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0